Башкы прокурор «Ата-Журттун» лидерлеринин иши боюнча сурак берет

159Ташиев, Салянова

Сот башкы прокурор Аида Салянованы «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган» деп айыпталып жаткан «Ата-Журттун» лидерлерине каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка алат. Мамлекеттик айыптоочулар менен жактоочулар Салянованын сурак берүүсүнө каршы эмес.

Биринчи май райондук соту башкы прокурор Аида Салянова менен анын орун басарын суракка алуу боюнча оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдордун жактоочуларынын өтүнүчүн канаттандырды.

Мамлекеттик айыптоочулар жактоочулардын өтүнүчүнө каршы эместиктерин билдирип, 2012-жылдын октябрында «Кумтөр» кенин улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митингтен кийин козголгон бул иштин алкагында өз жетекчилерин суракка алууга макул болушту.

Бирок мамлекеттик айыптоочулар «Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиевге медициналык экспертиза жүргүзгөн адистерди суракка алууга каршы экендиктерин билдиришти, алар депутаттын саламаттыгынын абалы жөнүндө чыгарылган бүтүмдөр «жетиштүү» деп эсептеп жатышат.

Бирок судья сот жообуна тартылып жаткан депутаттардын жактоочуларынын өтүнүчтөрүн толугу менен канааттандырууга макул болду жана медициналык-эксперттер менен бирге Башкы прокуратуранын жетекчилигин чакырат.

Тергөө абагында калышты

Сот жактоочулардын үй камагына чыгаруу боюнча берген арыздарына карабастан оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын лидерлерин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында калтырылды.

«Ата-Журттун» лидерлеринин баш коргоо чарасы каралган жыйын 25-январда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өттү.

2012-жылдын октябрь айынын башындагы митингтин жүрүшүндө «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» деп айыпталып жаткан депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор тергөө аяктаганга чейин камакта болушат.

Саясатчылар айыптоолорду моюндарына албай, анда бийликти кулатуу чакырыктары болбогондугун билдирип жатышат.

Автор: Александра Ли