Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы Шериктештер кубогунун көңүл жубатуучу айлампасында Латвия командасынын үстүнөн жеңишке жетти. Эми кыргызстандыктар мелдештин тогузунчу оруну үчүн Эстония курама командасы менен беттешет.
24-декабрда болгон Кыргызстан-Латвия беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Оюндун 59-мүнөтүндө латвиялык коргоочулар айып аянтындагы Тамерлан Козубековду байкабай калып, ал Кыргызстан курама командасын алдыга чыгара алды.
Беттештин аякташына 10 мүнөт калганда кыргызстандыктардын капитаны Валерий Качин өз айып аянтчысынан колу менен топко тийип алып латвиялыктарга он бир кадамдык тебүү укугун берди. Латвия командасынын оюнчусу Эдгарс Ермолаевс ал мүмкүнчүлүктү ийгиликтүү пайдалана алды.
Оюн эсеби негизги убакытта да, кошумча берилген мүнөттөрдө да өзгөрбөгөндүктөн оюндан кийинки он бир кадамдык белгиленди.
Дарбазачы Руслан Жаныбеков латвиялыктардын биринчи соккусун тосуп койду. Кыргызстандыктар 5 соккуну тең так аткарышкандыктан Балтядан келген курама команданын акыркы соккуну аткаруусунун кажети деле жок болуп калды.
Жыйынтыгында Кыргызстан он бир кадамдыкта 5:3 эсебинде жеңишке жетти. Бул Анарбек Ормонбековдун тарбиялануучулары 9-орун үчүн Эстониянын командасы менен беттешет дегенди билдирет.
«Он бир кадамдыкта бизди дарбазачыбыз куткарды, а капитаныбыз өз катасын оңдоп, жыйынтыктоочу соккуну так аткарды», — деди оюндан кийин Кыргызстандын жаштар курама командасынын башкы машыктыруучусу Анарбек Ормонбеков.
Мелдештин топтук беттештеринде Кыргызстан бир дагы жеңишке жеткен жок эмес, анда кыргызстандыктар Казакстандын командасынан жеңилип, Орусия жана Өзбекстан менен тең чыккан.
Шериктештер кубогу — КМШ өлкөлөрүнүн жаштар курама командаларынын ортосундагы мелдеш.
Автор: Шерзод Бабакулов