Сот 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжал боюнча чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн жокко чыгарды

159

Жалал-Абад облустук соту 31 жаштагы этникалык өзбек Шамшидин Ниязалиевдин өкүмүн жумшартты - өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн 150 миң сомдук айып төлөө өкүмүнө алмаштырды. Бирок өкүм чыгарган судьяларга телефон чалуулар болуп, белгисиз адамдар коркутуп жатышат, деп билдирүүдө «Голос свободы» порталы.

Облустук сот 21-январда Сузак райондук сотунун 31 жаштагы Шамшидин Ниязалиевди өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, айыпталуучуну массалык башаламандыктарга гана катышкан (233-берененин 2-бөлүгү) деп таап, ага карата 150 миң сомдук айып төлөө өкүмүн чыгарды.

Соттун бул чечимине прокуратура менен бирге Ниязалиевдин жактоочулары да нааразы болушууда. Эки тарап тең соттун чечими боюнча даттанууну көздөп жатышат.

Ниязалиев 2010-жылдагы кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы улуттар аралык жаңжал маалында массалык башаламандыктарды уюштурган, адам өлтүргөн, талап-тоноочулукка катышкан, мыйзамсыз курал сактаган жана мүлктөрдү кыйраткан деп айыпталып жаткан.

Ал Жалал-Абад облусундагы «Санпа» пахта тазалоочу заводунун жанында адамдарды өлтүрүү иши боюнча соттук процессте айыпталуучу катары өткөн.

Бул иш боюнча буга чейин 19 киши соттолгон, алардын 18и өмүр бою эрктеринен ажыратылса, жашы өтүп калган бир адам 25 жылга соттолгон.

«Санпанын» жанындагы окуя боюнча соттолгондордун бардыгы — этникалык өзбектер.

Эл аралык укук коргоо уюмдары 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжалдан кийин көп мөөнөткө эркинен ажыратылгандардын негизги бөлүгү өзбек улутундагылар болуп жаткандыгын айтып, Кыргызстандын бийлигин бир нече жолу сынга алышкан.

Ниязалиев өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү жокко чыгарылган биринчи сот жообуна тартылган адам болду.

Ал жалпысынан Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 30-беренесинин 60 эпизоду боюнча айыпталып жаткан.

Ниязалиевдин кызыкчылыктарын «Справедливость» укук коргоо уюмунун сунушу менен айыпталуучунун туугандары тарабынан жалданган Татьяна Томина жана Улугбек Усманов аттуу жактоочулар коргошкон.

Ниязалиев 2006-жылдан бери Орусиянын жараны болуп келе жатат. Ага карата Сузак райондук соту 2012-жылдын октябрында өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Мындай катаал чечимди жактоочулардын жүйөлөрү жана айыптоочу тараптын далилдеринин карама-каршылыктуулугуна карабастан судья Айжан Смадиярова чыгарган.

Ниязалиев 2012-жылдын 19-январында Казакстанда кармалган, кыргыз бийлигинин сурамы боюнча 5-июнда Кыргызстанга өткөрүлүп берилген. Орусия Федерациясынын элчилиги менен консулдук бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү сотко бир дагы жолу катышышкан эмес.

Коркутуулар

Жалал-Абад облустук сотундагы булак (аты-жөнү менен кызматы анын өтүнүчү менен айтылбай эле) «Голос свободы» порталынын кабарчысына өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган судьялардын даректерине карата айтылган опузалоо, коркутуулар жөнүндө айтып берген.

Ал ошондой эле аталган чечимге каршы шаарда митинг өткөрүүнү каалап жаткан адамдардын бардыгы тууралуу ушактар бар экендигин билдирди.

«Ал өкүмдү чыгарган судьяларга белгисиз адамдар телефон чалып, аларды жемелеп, коркутуп, мындай чечим чыгаргандыктары үчүн өкүнүп кала тургандыктарын айтып башташты. Негизинен биз ушактарга көңүл деле бурбайбыз, бирок телефондук чалуулар, коркутуулары менен бул резонанстуу иш. Мунун бардыгы судьялардын тынчын алып жатат», — деди облустук соттогу анонимдүү булак.

«Голос свободы» уюмунун кабарчысы Шамшидин Ниязовго карата актоочу өкүм чыгарган Жалал-Абад облусунун үч судьясы — Амангелди Молдобаев, Атамбек Мамтов жана Тилек Батырбекводор менен жолуккан.

«Биз ал ишти эки жарым ай карадык. Ниязалиевди 233-берененин 2-бөлүгү – «массалык башаламандыкка катышууга» тиешеси бар деп таап, ага карата 150 миң сомдук айып төлөө өкүмүн чыгардык. Ал эми ал айыпталып жаткан башка беренелер жана эпизоддор боюнча күнөөсүз экендигин аныктадык. Бирок айыптоочу тарап башка пункттар боюнча, алсак, 2010-жылдын июнунда «Санпа» пахта тазалоочу заводунун жанында адамдарды өлтүрүүгө күнөөсү бардыгын далилдеген жок», — деди Молдобаев.

Муну менен катар прокурор күбөлөр менен жабыр тартандардын сотко келишине кам көргөн эмес.

«Биз ишти карап баштагандан бери бир дагы күбө, бир дагы жабыр тарткан адам келген жок, прокурор аларды алып келе алган жок. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, кайсы улутта экендигине карабастан мыйзам алдында бардыгы бирдей, биз муну өкүмдө көрсөттүк», — деп билдиришти судьялар.

Алар ошондой эле шаарда өкүмгө каршы митинг өткөрүү белгиленип жаткандыгы тууралуу кабардар экендиктерин айтышты.

«Ооба, биз кайсы бир коом нааразычылык акциясын өткөрүүнү каалап жаткандыгы тууралуу уктук. Биз ага тынчсызданып жатабыз, Жалал-Абад облусундагы митингдердин эмне менен аяктай тургандыгы белгисиз, кандай гана маселе боюнча чыгышпасын тилекке каршы жаңжалдар болуп келген. Биз аталган өкүмдү мыйзамга ылайык чыгарганбыз, бирок аны кээ бир адамдардын түшүнгүсү келбегендиги өкүнүчтүү», — деп айтышты облустук соттун судьялары.

Бирок жеке коркутуулар болгондугу тууралуу берилген суроого судьялар жооп берүүдөн баш тартышты.

«Справедливость» укук коргоо уюмунун юристи Уткир Джаббаровдун айтымында, алардын уюмунда да митингдердин болушу мүмкүндүгү тууралуу маалыматтар бар

«Тиешелүү органдар судьялардын коопсуздугун сактоо боюнча чараларды көрүүсү керек. Эгер басымга азыр туруштук бербесек, анда башка судьялар да өз коопсуздуктарын ойлоп мыйзам боюнча эмес, «топтошкон эл» каалагандай өкүмдөрдү чыгарып калат», — деди Джаббаров.

Автор: Евгений Погребняк

Сүрөттө «Санпа» заводу, автору: Аскар Акталов