Сот «Ата-Журттун» лидерлерин тергөө абагында калтырды

IMG_0064_

Жактоочулардын үй камагына чыгаруу боюнча берген арыздарына карабастан оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган» лидерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында калтырылды.

«Ата-Журттун» лидерлеринин баш коргоо чарасы каралган жыйын 25-январда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өттү.

Судья Адылбек Субанкулов сот жообуна тартылып жаткан депутаттарды үй камагына чыгаруу боюнча жактоочуладын берген арыздарын четке кагып, «Ата-Журттун» лидерлерин УКМКнын тергөө абагына калтыруу чечимин чыгарды.

2012-жылдын октябрь айынын башындагы митингтин жүрүшүндө «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» деп айыпталып жаткан депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор тергөө аяктаганга чейин камакта болушат.

Кесиптештерин колдоо үчүн буга чейинки жыйынга келген депутаттар соттун чечими менен макул эместиктерин билдиришип, Ташиев, Жапаров жана Мамытовдорду үй камагына чыгарууну өтүнүп жатышат.

«Депутаттык кол тийбестикти азырынча эч ким жокко чыгара элек», — деди соттун чечими окулгандан кийин сөз сүйлөгөн «Ата-Журттун» депутаты Курманбек Осмонов.

Мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров да депутаттык кол тийбестикке шилтеме жасап соттук териштирүүлөрдү токтотууну талап кылды. Ал сот алгач саясатчыларга каршы кылмыш ишинин козголушунун мыйзамдуулугун карап чыгуусу керек деп эсептейт.

Сот Бекназаровдун билдирүүсүнө карабастан процессти токтотуу ниети жоктугун жана «ата-журтчулардын» ишин кароону уланта берээрин билдирди.

Оппозиялык «Ата-Журт» партиясынын үч лидери 2012-жылдын октябрындагы«Кумтөрдү» улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митинг маалында «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» деп айыпталып жатышат.

Саясатчылар айыптоолорду моюндарына албай, анда бийликти кулатуу чакырыктары болбогондугун билдирип жатышат.

Автор: Александра Ли