Президент Алмазбек Атамбаев эркине каршы кыз ала качуу үчүн жазаны катаалдатуу жөнүндөгү мыйзамга 26-январда кол койду. Эми мындай кылмыш кылгандар жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Атамбаев документке парламент тарбынан жактырылгандан бир ай өткөн соң кол койду — депутаттар өлкө башчысына мыйзам долбоорун 20-декабрда жөнөтүшкөн.
Мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстандын Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилген — каза ала качуу үчүн каралган максималдуу үч жылга эркинен ажыратуу жазасы жети жылга чейин узартылды.
Кыз ала качууга каршы улуттук компаниянын мүчөсү Римма Султанова өтө кубангандыгын жашырган жок.
«Мен аталган көрүнүштүн курмандыгы болуп, анда жашоого аргасыз болгон кыздардын үнүн уккан биздин бийликке ыраазымын», — деди ал.
Мыйзам долбоорунун коомчулукта кызуу талкуу жараткандыгына карабастан — кыргызстандыктардын бир бөлүгү кыз ала качууну «салт» катары эсептешет — бүгүнкү күндө аны парламенттин либералдык депутаттары менен бирге Жогорку Кеңештин консервативдик канаты да колдойт.
Динчилдиги менен белгилүү «Ар-Намыс» фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу жазаларды катаалдатууну дароо эле кубаттаган.
«Ала качуу — бул улуттук салт деген стереотип бар, бирок биз көп учурларда андай салт элдин көз карашына карама-каршы келип жаткандыгына күбө болуудабыз», — деди Бакир уулу.
Депутат Айнуру Алтыбаева тарабынан сунушталган мыйзам долбоорун социал-демократ депутат Ирина Карамушкина да колдойт.
«Эркине каршы нике кыюуудагы кыздардын өлүмү боюнча жүргүзүлгөн байкоолор көрсөтүп жаткандай, ала качуунун саны өсүп жатат», — деди парламентарий.
«Ата-Журт» фракциясынан депутат Жылдызкан Жолдошева мыйзамды колдой тургандыгын айтып, бирок ал кээ бир кыздар ал мыйзамды «өзүнүн пайдасы үчүн» колдонушу мүмкүн экендигин кошумчалады.
«Бул мыйзамды кээ бир абийирсиз кыздар өзүнүн пайдасы үчүн колдонушу мүмкүн. Менин оюмча, өзгөчө бул мыйзам эрезеге жете элек кыздарды ала качкан учурларда иштеши керек», — деди Жолдошева.
2011-жылы жарыяланган «Учурдагы теңчилик» уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 11 миңден 16 миңге чейин ала качуу болуп турат.
Кыргызстанда ала качуу үчүн эң узак мөөнөткө эркинен ажыратылган адам – катаал режимдеги абакка алты жылга соттолгон.
Автор: Эльдос Казыбеков