Бишкек: Жер астынан өтүүчү жолдогу өрттөн жапа чеккендер жок [+ видео]

159Ташиев, СаляноваКВН

Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги жер астынан өтүүчү жолдогу үч күркө 28-январь күнү эртең менен өттөнүп кетти. Болжолдуу версия боюнча, өрт электр зымдарынан чыккан жалындан улам пайда болгон. Жабыр тарткандар жана каза болгондор жок.

Өрт тууралуу кабар эртең мененки саат 7:35те, жер астынан өтүүчү жолдо эч ким жок убакта келип түшкөн.

Анын «Океан» дүкөнү менен Филормониянын айланасын байланыштырып турган батыш тарабындагы үч күркө толугу менен күйүп кеткен.

Болжолдуу версия боюнча, өрт электр зымдарынын биригип кетүүсүнөн пайда болгон жалындан чыккан — бул тууралуу Kloop.kgнин кабарчысына Бишкектин Биринчи май райондук Өрткө каршы кызматынын башчысы Жеңишбек Колдеев билдирди.

«Себептери ар кандай болушу мүмкүн, анткени азыр күн суук, мүмкүн ал жерде электр жылыткычтары болгон. Териштиргенден кийин аныкталат», — деди Колдеев.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн бирин ток уруп, өрт өчүрүү бир саатка созулуп кеткен.

«Өрт өчүрүүчүлөрдүн бирин ток тартып, электриктер келгенге чейин ишти токтотуп турууга туура келди», — деп билдирген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун башчысы Мухамбет Сваров «АКИпресс» маалымат агенттигине берген маегинде.

Kloop.kgнин кабарчысына өрт өчүрүүнүн созулуп кеткендигин Жеңишбек Колдоев ырастап берди.

«Өрт өчүрүүчүлөр «Энергосбыттын» кызматкерлери келгенде гана иштеп башташты», — деди ал.

Азырынча келтирилген чыгымдын көлөмү белгисиз.

Kloop.kgнин кабарчысы билдиргендей, учурда өрт толугу менен өчүрүлүп, жер астынан өтүүчү жолдун бардык кире бериштери тосулган, ичине эч кимди киргизбей жатышат.

Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги жер астынан өтүүчү жол — Бишкектеги адам көп өткөн жерлердин бири.

Анда күн сайын көбүнчө канцелярдык буюмдарды саткан ондогон күркөлөр иштейт.

Автор: Эльдияр Арыкбаев