Депутат парламенттин унаалары менен пансионатын сатууну сунуштап жатат

IMG_0064_

Парламенттин партиясыз депутаты Өмүрбек Абдрахманов мамлекеттик каражатты үнөмдөө максатында Жогорку Кеңештин аппаратынын 47 унаасы менен парламентке таандык болгон «Алтын-Көл» пансионатын сатууну сунуштап жатат. Анын сунушун бардык эле кесиптештери колдой берген жок.

Кыргызстандын парламентинин бюджетин реформалоо боюнча угууда депутат Өмүрбек Абдрахманов бир депутат үчүн эле мамлекеттик бюджеттен өтө көп — 6 миллион сомдой — каражат сарпталаарын билдирди.

Чыгашаны үнөмдөө максатында ал чарбалык керектөөлөр үчүн каралган парламент аппаратынын 47 унаасын, ошондой эле Ысык-Көлдөгү «Алтын-Көл» пансионатын сатууну сунуштады.

«Биз бул демилгени жарым жыл мурун эле көтөрүп чыкканбыз, бирок маселе чечилбей келет», — деди ал.

Абдрахманов парламентке жеке пансионаттын кереги жок деп эсептейт.

«Дүйнөдө бир дагы парламенттин пансионаты жок», — деп ишендирүүгө аракет кылды ал.

Партиясыз Абдрахманов анын сунушун 120 депутаттын 80и колдой тургандыгын, бирок кээ бирлери «жетекчилигинин буйругунан» улам өз көз карашын билдире албай жатканын айтты.

Депутат унааларды да, пансионатты да аукцион аркылуу сатууну сунуштап жатат.

Макул болбогондор

Бирок Абдрахмановдун сунушун бардык эле депутаттар колдой берген жок.

«Ата-Журт» фракциясынын өкүлү Курмантай Абдиев Абдрахманов депутаттардын чыгымдарынын суммасын ашырып айтып жатат деп эсептейт.

«Мындай маалыматты кайдан алды? Бул чындыкка дал келбейт, а коомчулук болсо ишенип алат. Жогорку Кеңештин чыгымы өсүп жатат деп айтылып жатат, бирок парламенттин бюджети жыл сайын кыскарып атат, ММКлар болсо бул тууралуу жазып,  чагылдырбай эле», — деди Абдиев.

«Ар-Намыс» фракциясынан депутат Абдрахман Маматалиев парламенттин чыгымын кыскартуу керек деген пикир менен макул, бирок пансионат менен унааларды сатууга каршы.

Анын айтымында, бул биринчи кезекте жеке унаалары жок депутаттарга залакасын тийгизет.

«Эгер бүгүн биз гаражды сатып жиберсек жеке унаасы жок депутаттар эмне кылат?» — деп суроо салды ал.

Анын айтымында, «Алтын-Көл» пансионаты өзүн-өзү актап, парламентке киреше алып келе баштаган.

Автор: Азат Рузиев