Кыргызстандын командасы алгачкы жолу КВНдин Жогорку лигасына өттү

159Ташиев, СаляноваКВН

Алдыдагы сезондо Кыргызстандын «Азия Микс» командасы КВНдин Жогорку лигасында ойнойт. Өлкөнүн дагы бир командасы — «Тамашоу» — маанилүүлүгү боюнча экинчи турган премьер-лигага өттү.

КВНдин 2013-жылкы сезонунда «Азия Микс» командасы Орусия, Украина жана Белорусиянын 19 командасы менен теңтайлашат — КМШ өлкөлөрүндөгү популярдуу юмористтик оюндун тарыхында биринчи жолу Жогорку лигада Кыргызстандан барган команда оюн көрсөтөт.

Бул тууралуу алгачкылардан болуп команданын катышуучусу Ростислав Ященко «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына «Биз жогору жактабыз! Мен күткөн эмесмин!» деп жазып кабарлады.

Кыргызстандын башка командасы — «Тамашоу» — маанилүүлүгү боюнча экинчи турган КВНдин премьер-лигасына илинди.

Эки команда тең 26-январда Сочиде жыйынтыкталган «КиВиН-2013» фестивалынын тандап алуу бөлүгүндөгү ийгиликтүү аракеттеринин эсебинен КВНдин беделдүү эки лигасына өттү.

Бул Кыргызстандын эки командасы бир учурда катышкан «КиВиНдин» биринчи оюну болду.

Жогорку лиганын биринчи оюну 12-февралда, премьер-лиганыкы 1-апрелде башталат.

Эки лига тең Орусиянын «Биринчи каналы» аркылуу көрсөтүлөт.

«Шайыр тапкычтар клубу» — 1961-жылы СССРде пайда болгон популярдуу юмористтик оюн.

1964-жылдан бери анын алмашкыс алып баруучусу Александр Масляков — учурда ал Жогорку лиганы гана алып барат.

1971-жылдын соңунда СССРди тымызын шылдың кылгандыгы үчүн КВНди жаап салышкан, оюн кайра куруу доорунда - 1986-жылы кайрадан өз ишин уланта баштап, ошондон бүгүнкү күнгө чейин КМШ өлкөлөрүндөгү эң популярдуу теле шоу болуп саналат.

Автор: Бектур Искендер