Шериктештер кубогу: Кыргызстан Эстониянын курама командасын жеңип, 9-орунга ээ болду

159Ташиев, Салянова

Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы Шериктештер кубогунун жыйынтыктоочу оюнунда эстониялыктарды жеңип, 9-орунга ээ болду. Жеңүүчү оюндан кийинки он бир кадамдыктын жыйынтыгы боюнча аныкталды.

9-орунга болгон Кыргызстан менен Эстониянын жаш футболчуларынын ортосундагы беттеш оюндун негизги убактысында 2:2 эсебинде аяктагандыктан, жеңүүчүнү аныктоо үчүн оюндан кийинки он бир кадамдыкты белгилөөгө туура келди - анын жыйынтыгында Борбордук Азиядан барган команда 4:3 эсебинде жеңишке жетти.

Оюн эсебин алгачкылардан болуп 13-мүнөттө эстон командасынын оюнчулары ачты — таамай соккусу менен жарым коргоочу Эркки Юнолайнен мыктылыгын көрсөттү.

25-мүнөттө Каюмжан Шарипов он бир кадамдыктан таамай тебе албай калып, Кыргызстан өз мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды.

Бирок беш мүнөттөн кийин кыргызстандыктардын капитаны Валерий Кичин мелдештеги экинчи тобун киргизип оюн эсебин теңөөгө жетишти.

Шарипов катасын оңдоп, беттештин 52-мүнөтүндө командасын алдыга чыгара алды, бирок эстондуктар багынып берген жок, оюндун 68-мүнөтүндө Сандер Лепик эсепти теңей алды.

Оюндан кийинки он бир кадамдыктын кайсы бир учурунда эстондуктар алдыга чыккан, бирок жыйынтыктоочу соккуларынын таамай эместиги балтикалык команданын аракеттеринин бардыгын жокко чыгарды.

Кыргызстан бул жолу өзүнүн былтыркы жетишкендигин кайталады — команда анда да жыйынтыктоочу беттешинде эстондуктарды 2:0 эсебинде жеңип, 9-орунга ээ болгон.

Оюндан кийин кыргызстандыктардын башкы машыктыруучусу Анарбек Ормонбеков бир катар тарбиялануучуларынын оюнуна ыраазы эместигин билдирди.

«Бетме-бет жалгыз чыкты – киргизе алышкан жок. Он бир кадамдык болду – анда да киргизе алышкан жок. Кээ бири азыр эле башында таажы турганын элестетип алышкандай. Алар үчүн бүт команда иштеп жатса, өзүн жылдыз сезишет», — деди ал оюндан кийинки маалымат жыйынында.

Кыргызстандыктар жөнүндө Эстония жаштар курама командасынын башкы машыктыруучусу Мартин Рейм башкача пикирин айтты.

«Биз атаандашыбызды кылдат изилдеп чыкканыбыз менен бизге өтө кыйын болду. Алардын кыймыл-аракеттери жакшы, оюнчулары ылдам чуркайт экен. Мындан улам биздин командага толугу менен коргонуп, бири-бирине жардам берип турууга туура келди», — деди эстондуктардын насаатчысы.

Шериктештер кубогу — КМШ өлкөлөрүнүн жаштар курама командаларынын ортосундагы мелдеш.

Башка мелдештердин көпчүлүгүнөн айырмаланып мында топтук беттештердеги начар жетишкендиктерге ээ болгон командалар 9-орундан төмөнкү көрсөткүчтөр үчүн көңүл жубатуучу оюндарда ойношот.

Кыргызстан топтук беттештерде бир жолу жеңилүү ызасын тартып, башка эки команда менен болгон оюнунда тең чыгып болгону 2 упай алган. Бирок көңүл жубатуучу беттештеринде Ормонбековдун командасы эки балтикалык кураманы утуп алды — 25-январда оюндан кийинки он бир кадамдыктын жыйынтыгы боюнча Латвия курама командасы жеңилген.

Шериктештер кубогунун финалдык бөлүгү 27-январда болду — анда Орусия менен Украина курама командалары беттешип, жыйынтыгында орусиялыктар 4:2 эсебинде жеңишке жетишти.

Автор: Шерзод Бабакулов