Жаныш Бакиевдин мурунку орун басары сот болоордо ооруканага жаткырылды

159Ташиев, СаляноваКВН

Күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары Данияр Дунганов ооруканага жаткырылгандыктан 2010-жылдагы революция боюнча сот жыйыны белгисиз мөөнөткө чейин жылдырылды. Буга чейин Дунганов тергөө абагынан үй камагына чыгарылган. Революцияда жабырлангандардын жактоочусу сот процессинин «создуктурулуп жаткандыгына» нааразычылыгын билдирип, даттанууда.

Соттун 28-январдагы жыйыны башталаарда Жаныш Бакиевдин мурунку орун басары Дунганов сот имаратынын алдынан өзүн жаман сезип, аны ооруканага алып кетишти.

Бул маалыматты 2010-жылдагы революция боюнча ишти карап жаткан Аскердик сот ырастады.

Революция күнү жабырлангандардын жактоочусу Осунбек Жамансариев Kloop.kgге берген маегинде ал Дунгановду сот имаратынан көрбөгөндүгүн айтты.

«Бизге ал эртең менен сотто болгон, анан өзүн жаман сезип аны ооруканага алып кетишти деп билдиришти. Биз эртеден бери бул жердебиз, бирок аны сотто көргөн жокпуз», – деди жактоочу.

Жамансариев айыпталуучу тарап Дунгановду ооруканага жаткыруу менен сот процессин «создуктуруп жатат» деп эсептейт.

«Айыпталуучу тарап атайылап эле соттун чечимин создуктуруу үчүн түрдүү рычагдарын пайдаланып жатат [...] Дунганов бүгүн сотко келген жок, балким ал ооруканага жатып дарыланып аткандыр. Бул сотту мыйзамдуу создуктуруу ыкмасы болууда», – деди ал.

Дунгановдун жактоочусу Руслан Долаев ал жактоого алган айыпталуучу сот жыйынына катышуу үчүн ооруканадан качып кеткендигин Kloop.kgге билдирди. Ооруканага ал 24-январда жаткырылган.

«Сот процесси башталаарда ал өзүн жаман сезип, кайрадан ооруканага жаткырылды», – деди ал.

Жактоочу айыпталуучу тарап «атайылап эле» процессти создуктурууга аракет кылып жатат деген Жамансариевдин билдирүүсүн четке какты.

«Жамансариев процессти создуктурууга аракет жасап жатышат деди – бул болбогон кеп», – деп нааразычылыгын билдирди Долаев.

Жыйындын жылдырылышына ишти карап жаткан судья Дамир Оңолбековдун ант бере электиги дагы себеп болду.

Аскердик соттон судья буга чейин ант бергендигин, бирок жакында эле кайра дайындалгандыктан жаңыдан ант берүүсү керектигин айтып түшүндүрүштү.

Дунгановдун саламаттыгы

Аскердик сот Дунгановду 21-январда, аны текшерген дарыгерлер айыпталуучунун абалы «оор» экендигин билдиргенден кийин тергөө абагынан үй камагына чыгарган.

Сотко чакырылган дарыгерлер айыпталуучу «оор абалда», анын саламаттыгы «прогрессивдүү начардап жаткандыктан» убагында ооруканага жаткырбаса өлүп калышы мүмкүн деп билдиришкен.

Дарыгерлердин айтымдарында, Дунганов мээ атеросклерозу менен жабыркайт жана ага операция талап кылынат.

Дунганов 80ден ашык адам курман болгон 2010-жылдагы апрель революциясында жетекчиси Жаныш Бакиевдин митинг катышуучуларына каршы ок атуу боюнча берген буйругун аткарган деп айыпталып жатат.

Мурунку чиновник дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын четке кагып жатат.

Сот Дунгановду үй камагына бошоткондуктан жабырлануучу тарап 22-январдагы жыйынга келбей койгон.

Анда Жамансариев Дунгановдун баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндөгү чечимди «калыс эмес» деп эсептей тургандыгын жана иш боюнча айыпталып жаткандардын бардыгы тергөө абагына камалмайынча жабырлануучу тарап сотко келбей коюууну көздөп жаткандыктарын айткан.

«Учурда сот аяктоо баскычында, чечимдин чыгарылышын камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүнүн ордуна сот иштин негизги айыпталуучусун бошотуп жиберди. Соттун калыстыгы шек туудуруп жатат», – деген жактоочу.

Кийинки күнү жабырлануучу тарап менен жактоочулары өкмөт үйүнүн алдына митингке чыгышкан.

Жамансариев Kloop.kgге берген бүгүнкү маегинде алар сот процессине катыша тургандыктарын, бирок митингтер улантылаарын билдирди.

«Соттун Дунганов боюнча чыгарган чечими жарыялангандан кийин биз жабырлануучулар менен сүйлөшүп, мындан ары эмне кылуу керектигин чечүүбүз керек болчу. Эми процессти создуктурбаш үчүн биз сот жыйына келебиз», – деди ал.

Жамансариев алар Дунгановдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу чыгарган соттун чечими боюнча азырынча даттанбастыгын кошумчалады.

Автор: Александра Ли