Алматы: Жүргүнчү учак кулап түшүп 21 адам каза болду

lasdfggrge

«Скат» авикомпаниясынын 21 жүргүнчүсү бар учагы Алматы шаарынын Эл аралык аэропортунан алыс эмес жерге кулап түштү. Компаниянын болжолдуу маалыматы боюнча, аман калгандар жок. Каза болгондордун арасында кыргызстандыктардын бар-жоктугу азырынча белгисиз.

Учакта 16 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Алардын каза болгондугун «Скат» авиакоманиясынын басма сөз кызматы ырастады.

CRJ-200 учагы Көкчөтоо-Алматы каттамы менен учуп бара жаткан.

Кырсык 29-январда, болжол менен Алматы убактысы боюнча күндүзгү саат бирлерде болгон.

«Скаттын» болжолдуу версиясы боюнча, учак аба ырайынын катаалдыгынан улам кырсыкка учураган.

Ал кайра айланып келүү үчүн бурулган учурда жерге кулап түшкөн, деп билдирди «Скат».

«Кырсыктын так себеби кара кутуну ачкандан кийин жарыяланат», — деди «Скат» компаниясынын административдик бөлүмүнүн башчысы Жанара Санжек Kloop.kgге берген маегинде.

Ал учак 2000-жылы өндүрүлүп чыгарылгандыгын кошумчалады.

Санжек учкучтардын канча жылдан бери иштеп келе жаткандыктарын айтып бере алган жок.

«Тенгри Ньюс» сайтынын маалыматы боюнча, CRJ Алматы облусунун Или районундагы Кызылту айылынан алыс эмес жерге кулап түшкөн.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери жүргүнчүлөрдүн каза болгондугу тууралуу айтылган маалыматты ырастап берди.

Азырынча ӨКМде мындан тагыраак маалымат жок.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги учактын жүргүнчүлөрүнүн ичинде кыргызстандыктардын болгон-болбогондугун азырынча билбейт.

ТИМдин басма сөз кызматынын кызматкери мекеме Казакстанга сурам жөнөткөндүгүн, бирок азырынча маалымат келбегендигин айтты.

Автор: Мария Гребнева