Бишкек: Эки адам өлтүрүлүп, үй өрттөлгөн кылмыштын бети ачылды

159Ташиев, СаляноваКВН

Бишкек шаардык милициясы борбордун чыгыш бөлүгүндө жашаган 34-жаштагы аял менен анын 6 жашар кызынын өлүмүнүн бетин ачкандыгын билдирди. Шаар тургундарын өлтүргөн деп болжолдонуп жаткан адам кылмыштан кийин атайылап эле алардын батирин өрттөп жиберген.

Окуя 24-январдан 25-январга караган түнү Салиев көчөсүндө жайгашкан үйдө болгон — өрт болуп жаткан жерге келген милиция кызматкерлери менен өрт өчүрүүчүлөр үйдүн ичинен 34 жаштагы аялдын денесин табышкан, милиция анын аты-жөнүн толук атабай Р.Н. деп гана билдирүүдө.

Ошондой эле батирде анын 6 жашар кызы табылган, тез жардам кызматынын дарыгерлеринин аракеттерине карабастан кийинчерээк ал кыз алган жараттарынан улам көз жумган.

Үй ээсинин денесине жети жолу бычак сайылган, анын кызы болжол менен зордукталган болушу мүмкүн жана муунтулуп өлтүрүлгөн.

Кылмышкер кылмыштан кийин үйдөгү «кагаздарды, гезиттерди жана чүпүрөктөрдү» өрттөп, андан кийин газды кое берип жиберген, деп жазылган Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө.

Милиция кызматкерлери газдын жарылуусунун алдын ала алышты.

«Өрттү өчүрүүдө газдын жыты жыттанып турган, батирге өрт өчүрүүчүлөр менен бирге кирген Свердлов РИИБсинин кызматкери газ плитасын өчүрүп, түтүктү жабууга жетишкен», — деп жазылган Бишкек ШИИБсинин пресс-релизинде.

Кылмыштан кийин үч күн өткөндө милиция шектүү адамды — 31 жаштагы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жашоочусу Станислав Ивановду колго түшүрүшкөн.

«Өлтүрүлгөн аялдын буюм-тайымы табылып, буюмдук далилдер алынды. Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө батирдин ачкычтары табылды: кармалган адам аларды кайсыл жерге ыргытып жибергендигин көрсөтүп берди», — деп билдирүүдө Бишкек ШИИБси.

Милициянын маалыматы боюнча, Иванов Р.Н. менен бир нече ай мурун «Интернет аркылуу» таанышкан.

«Ал бир нече ай жоголуп кеткенден кийин ошол күнү кайрадан ал аялдын үйүнө келген. Уруштун жүрүшүндө кылмышкер үй ээсин сабап, катуу соккуларды жасаган. Ызы-чуудан улам аялдын алты жаштагы кызы чуркап келген, бирок ниети бузук кылмышкер аны да аяган эмес», — деп билдирди милиция.

Бишкек ШИИБсинин басма сөз кызматы Kloop.kgнин журналисттерине учурда шектүү адам кайсыл жакта экендигин айтып бере алган жок.

«Бизге да эч нерсе түшүнүксүз. Бүгүн аны тергөөчүлөр суракка алып келиши керек, анан гана толук маалымат болот», – деди басма сөз кызматтын кызматкери Марат Максатбеков.

Kloop.kgнин кабарчылары Ивановдун жактоочусу бар-жоктугу тууралуу маалыматты так аныктай алган жок.

Автор: Александра Ли