Алматыдагы авиакырсык: Каза болгондордун бири Кыргызстандын жараны экендиги аныкталды

lasdfggrge

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 29-январда Алматы аэропортунун жанындагы авиакырсыктан каза болгондордун арасында Кыргызстандын жараны болгондугу аныкталгандыгын билдирди. Анын денеси мекенине 30-январь күнү кечинде алынып келинет. Жалпысынан ал кырсык 21 адамдын өмүрүн алып кеткен.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын кызматкери Чынгыз Эсенгул уулу Kloop.kgге берген маегинде авиакырсыкта каза болгон Акрам Низамов Кыргызстандын жараны экендиги аныкталгандыгын билдирди.

«Кыргызстандын Башкы конусулдугу каза болгон жаранды таануу процедураларын аяктады. Түшкө жакын анын бир тууган эжеси келип аны тааныды», – деп түшүндүрдү ал.

Эсенгул уулу каза болгон кыргызстандыктын денеси мекенине 30-январь күнү кечинде алынып келинээрин айтты.

«Казакстандын ӨКМи менен макулдашууга келдик, алар Низамовдун денесин чек арага чейин алып келишет. Ал жакка Кыргызстандын ӨКМинин кызматкерлери барып алышат», – деди басма сөз кызматтын кызматкери.

Низамовдун Кыргызстандын жараны экендигин алгачкылардан болуп учак таандык болгон «Скат» авиакомпаниясы Kloop.kgге билдирген.

Низамов Казакстандын аймагында жеке ишкерлик менен алектенип келген.

Алгач, ал Азербайжандын жараны болгон деп кабарланган, бирок андай маалыматты Азербайжандын Алматыдагы элчилиги четке каккан.

Ошондой эле бир катар казак ММКларында Низамов Өзбекстандын жараны болушу мүмкүндүгү айтылган.

«Скат» авиакомпаниясынын учагы 29-январь күнү Алматы шаарынын Эл аралык аэропортуна коноордо кырсыкка учураган. Анда 16 жүргүнчү жана 2 экипаж мүчөсү болгон. Алардын эч кимиси тирүү калган эмес.

CRJ-200 учагы Көкчөтоо-Алматы каттамы менен учуп бара жаткан.

Кырсык болжол менен Алматы убактысы боюнча күндүзгү саат бирлерде болгон.

«Скаттын» болжолдуу версиясы боюнча, учак аба ырайынын катаалдыгынан улам кырсыкка учураган.

Ал кайра айланып келүү үчүн бурулган учурда жерге кулап түшкөн, деп билдирди «Скат».

«Кырсыктын так себеби кара кутуну ачкандан кийин жарыяланат», — деген «Скат» компаниясынын административдик бөлүмүнүн башчысы Жанара Санжек Kloop.kgге берген буга чейинки маегинде.

Ал учак 2000-жылы өндүрүлүп чыгарылгандыгын кошумчалаган.

Санжек учкучтардын канча жылдан бери иштеп келе жаткандыктарын айтып бере алган жок.

«Тенгри Ньюс» сайтынын маалыматы боюнча, CRJ Алматы облусунун Или районундагы Кызылту айылынан алыс эмес жерге кулап түшкөн.

Автор: Мария Гребнева