Бишкектин борборунда «поезд сүзүп кеткен адам» тирүү калды

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

«Кыргыз темир жолу» билдиргендей, 29-январь күнү эртең менен Бишкектин борборунда тепловоз адамды сүзүп кеткен — ал киши тирүү калып, учурда абалы «канааттандыраарлык» деп бааланууда. Дарыгерлер жабырланган адамды өтүп бара жаткан тепловоздун шамлы кулаткандыгын айтып жатышат.

Садырбек Карагуловду тепловоз 29-январь күнү эртең менен саат 10:20да «сүзүп кетип», ал шаардык №4 ооруканага жаткырылган — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде мамлекеттик «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз катчысы Эркин Каимов билдирди.

«Аны тез жардам кызматы менен алып кетишип, ооруканга жаткырышты. Тепловоздун айдоочусу дароо токтотууга аракет кылган, бирок ал эч кандай жыйынтык берген эмес. Эми ал [айдоочу] адамды уруп кеткен болуп калууда», — деди Каимов.

Окуя борбордун Лев Толстой жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Каимовдун айтымында, тирүү калган ал адамдын абалы канааттандыраарлык деп бааланып жатат.

«Кыргыз темир жолу» жабыр тарткан адам өзү «күнөөлүү» деп эсептеп жатат — айтымдарында, темир жолдун жээгинде рельсалар аркылуу өтүүгө тыюу салынгандыгын көрсөткөн белгилер бар.

«Бирок Карагулов буга карабай жол аркылуу басып, ал тургай отуруп да алган», — деди Каимов.

Жабырланган адам жеткирилген шаардык №4 оорукананын башкы дарыгери ал адамды поезд сүзүп кетпегендигин айтты.

«Аны поезд сүзүп кеткен эмес, ал мас абалында рельстердин жанында турган. Поезд өтүп кеткенде анын шамалынан жыгылып кеткен. Мээси чайкалыптыр [...] поезд ага тийип да өткөн эмес», — деди башкы дарыгер Алмаз Кубатбеков.

Кубатбековдун айтымында, жабырланган адамды ооруканага алып келгенден кийин анын артынан туугандары келип, ооруканага жаткырып дарылатуудан баш тартып алып кетип калышкан.

Авторы: Малика Маметова

Редактор: Нуржамал Жаныбекова

Иллюстративдик сүрөттүн автору: Сергей Неманов