«Гуглдун» кыргыз версиясына «алжир хакерлери» тарабынан чабуул жасалды

google-defaced_10529

Дүйнөдөгү ири маалымат издөөчү «Гугл» сайтынын кыргыз версиясынын сырткы көрүнүшү өздөрүн MCA-CRB деп атаган хакерлердин тобу тарабынан өзгөртүлдү — google.kg дарегин ачканда адаттагы издөө талаасынын ордуна «алжир хакерлеринин» кайрылуусу пайда болууда.

Издөө системасынын сайтына кирүү аракетин көргөн Кыргызстандын интернет колдонуучуларынын бир бөлүгү 29-январдан бери англис тилинде жазылган «MCA-CRB алжир хакерлеринин толук көзөмөлү» деген жазууну көрүп жатышат.

Ал жазуунун төмөн жагында «Коркпогула. Бул хакерлердин жаңы мууну» деген жазуусу бар балдардын сүрөттөрү жайгаштырылган.

google.kg сайтына кирүүгө аракет кылган кыргыз интернет колдонуучуларынын башка бир бөлүгү «туташууда ката кетти» деген билдирүүнү көрүп жатышат.

Кээ бир интернет колдонуучулар аларда сайт бузулбай эле жакшы иштеп жаткандыгын билдиришүүдө.

«ооба, кадимкидей эле ачылып жатат», – деп жазган Кыргызстандагы популярдуу «Дизель» форумунун Dafina деген колдонуучусу.

Oskarbek аттуу колдонуучу да сайт жакшы иштеп жаткандыгын билдирген.

«Менде баары жакшы эле ачылып атат», – деп жазган ал.

Азырынча «Гугл» корпорациясы Kloop.kgнин кабарчылары жөнөткөн сурамга жооп бере элек.

Ушундай эле көйгөй «Гуглдун» румын версиясында 2012-жылдын ноябрында болгон — анда ага да өздөрүн MCA-CRB деп атаган адамдар чабуул жасашкан.

Румын «Гуглына» жасалган чабуулдун белгилери кыргыз версиясыныкына окшош болгон — кээ бир колдонуучуларда сайт ачылып, иштей берген.

Анда «Гугл» серверге чабуул жасалбагандыгын, MCA-CRB google.ro доменинин колдонуучуларын аталган жазуулар бар башка бир сайттарга багыттап жибергендигин билдирген.

Zone H. маалымат базасына ылайык, MCA-CRB — эң активдүү хакер топторунун бири. 2012-жылдын ноябрына карата ал 5 миң веб-баракчаны бузуп ачканга үлгүргөн.

Автор: Александра Ли