Казакстандагы авиакырсык: Каза болгондордун арасында Кыргызстандын жараны бар болушу мүмкүн

lasdfggrge

Болжолдуу маалыматтар боюнча, «Скат» компаниясынын Алматыга жакын жерде кулаган учагында бир кыргызстандык болгон — бул тууралуу авиакомпаниянын басма сөз катчысы билдирди. «Скат» каза болгондорду акыркы сапарга узатууга кеткен чыгымдарды төлөп берүүнү убадалап жатат.

Кыргызстандын каза болгон жараны катары Акрам Низамов айтылууда. Алгач, ал Азербайжандын жараны болгон деп айтылып жаткан, бирок андай маалыматты Азербайжандын Алматыдагы элчилиги четке каккан.

Ошондой эле Низамов Өзбекстандын жараны болушу мүмкүн деп да кабарланып жаткан.

Азырынча анын канча жашта экендиги белгисиз. «Скат» авиакомпаниясынын басма сөз катчысы Александра Сытниктин айтымында, Низамов Казакстанда иштеген.

Жалпысынан 29-январда Алматы шаарынын Эл аралык аэропортунан алыс эмес жерде болгон кырсыктан 21 киши каза болгон.

«Негизинен жүргүнчүлөрдүн көбү Казакстандын жарандары экендиги, ошондой эле алардын арасында бир Кыргызстандын жараны - Низамов Акрамдын болгондугу аныкталды. Анын туугандары биз менен байланышты», — деди Сытник Kloop.kgге берген маегинде.

Азырынча авиакомпаниядан башка бир дагы булак Низамовдун жарандыгын ырастап берген жок.

«Скат» компаниясы каза болгондордун денелерин кичи мекендерине жеткирүүнү, ошондой эле жерге берүүгө кете турган чыгымдарды төлөп берүүнү убадалады.

«Ошондой эле камсыздандыруу акчалары төлөнүп берилет, бирок анын көлөмү азырынча белгилене элек», — деп билдирди Сытник.

Катаал аба ырайы

Казакстандык «Скат» авиакомпаниясынын CRJ-200 учагы Көкчөтоо-Алматы каттамы менен учуп баратып, Алматы облусунун Или районундагы Кызылту айылынан алыс эмес жерге кулап түшкөн.

Кырсыктын себептеринин бири катары аба ырайынын катаалдыгы айтылууда.

Каза болгон 21 адамдын 16сы жүргүнчүлөр, калган 5и экипаж мүчөсү болушкан.

«Кырсыктын так себеби кара кутуну ачкандан кийин жарыяланат», — деген «Скат» компаниясынын административдик бөлүмүнүн башчысы Жанара Санжек Kloop.kgге берген буга чейинки маегинде.

Ал учак 2000-жылы өндүрүлүп чыгарылгандыгын кошумчалады.

Санжек учкучтардын канча жылдан бери иштеп келе жаткандыктарын так айтып бере алган жок.

Азырынча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Низамовдун каза болгондугу боюнча комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

Каза болгондордун тизмеси, жүргүнчүлөр:

  1. Бекжан Бахытжанов
  2. Дюсен Дюзбаев
  3. Галымжан Дюсенов
  4. Аскар Ескендиров
  5. Иван Жаворонков
  6. Николай Лотков
  7. Кайсар Малгаждаров
  8. Акрам Низамов
  9. Абилжан Омаров
  10. Марат Оразбаев
  11. Индира Рахымбек
  12. Александр Рубас
  13. Александр Сериков
  14. Владимир Фейст
  15. Аскар Хусаинов
  16. Арсен Шутиков

Экипаж мүчөлөрү:

  1. Дина Асфандиярова
  2. Слава Бабаян
  3. Владимир Евдокимов
  4. Ирина Кривоносова
  5. Александр Шарапов

 

Автор: Бектур Искендер