ӨКМ: Ысык-Көл облусундагы жер силкинүүдөн 15 турак үй зыянга учурады

google-defaced_10529

Болжолдуу маалыматтар боюнча, Ысык-Көл облусунда 28-январь күнү кечинде болгон жер силкинүүдөн кийин 12 турак үй авариялуу деп табылып, дагы үчөө капиталдык оңдоого муктаж абалга келген.

Kloop.kgге ӨКМдин Ыкчам жардам көрсөтүү тобунун башчысы Мухамбет Сваров зыянга учураган үйлөрдүн бардыгы тең Түп районунда жайгашкандыгын айтты — аталган райондун айылдары жер титирөөнүн очогуна эң жакын жайгашкан.

12 турак үй авариялуу деп табылды — мындан ары ал үйлөрдө жашоого болбойт, бирок жабырлангандардын бир бөлүгү ал үйлөрдөн чыгып кеткен жок, деп билдирди ӨКМ.

«Үйлөрү катуу зыянга учурагандар туугандарыныкына кетишти. Негизги бөлүгү жер силкинүүгө туруштук берген үйлөргө улай салынган курулуштарда жашап жатышат», — деди Сваров.

Савровдун айтымында, дагы үч үй капиталдык оңдоону талап кылат.

Турак үйлөр зыянга учураган айылдар:

  • Тогуз-Булак — эки үй;
  • Токтоян — үч үй;
  • Чоң-Тогузбай — эки үй;
  • Сары-Дөбө — эки үй;
  • Арал — эки үй;
  • Миң-Булак — бир үй;
  • Талды-Суу — капиталдык оңдоо талап кылынган үч үй.

Kloop.kg Түп районундагы жабырлангандар менен байланыша алган жок.

Азырынча Ысык-Көл облусунун башка райондорундагы үйлөр ӨКМдин комиссиясы тарабынан текшериле элек.

Рихтердин шкаласындагы 6 баллдык жер силкинүү Ысык-Көл облусунун түндүк тарабында, кыргыз-казак чек арасында 28-январь күнү кечинде катталган.

Жер титирөөнүн очогу облус борбору Каракол шаарынан 100 чакырым алыстыкта болуп, силкинүүлөр Бишкек менен Алматыда да сезилген.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жер силкинүүнү 28-январь күнү, 22:38де катталган.

Расмий маалыматтарга ылайык, силкинүү очогу Жыргалаң кыргыз айылынан 50 чакырым алыстыкта болгон.

Жер силкинүүлөрдү дароо каттап турган АКШнын геологиялык коомунун веб-сайты жер силкинүүнүн очогу Казакстандын аймагында, Кыргызстан менен болгон чек аранынсынын жанында болгондугун билдирүүдө.

Автор: Эльдос Казыбеков