Алматыдагы авиакырсык: Каза болгон кыргызстандыктын денеси Бишкекке алынып келинди

lasdfggrge

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Алматынын жанындагы авивкырсыкта каза болгон кыргызстандыктын денесин Бишкекке алып келди - анын 36 жаштагы Акрам Низамов экендиги аныкталган.

36 жаштагы Акрам Низамовдун денеси 30-январь күнү кечинде алынып келинди, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Kloop.kgге.

«Каза болгон адамдын денеси кечээ алынып келинди. Ал болжол менен саат 21:30дарда казак бийлиги менен Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу тарабынан туугандарына өткөрүлүп берилди», — деди Kloop.kgге берген маегинде ӨКМдин басма сөз кызматынын кызматкери.

ӨКМдин маалыматы боюнча, анын денесин микроавтобус менен алып келишкен.

30-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Низамовду бир тууган эжеси тааныгандыгын билдирген.

«Кыргызстандын Башкы конусулдугу каза болгон жаранды таануу процедураларын аяктады. Түшкө жакын анын бир тууган эжеси келип аны тааныды», – деген ТИМдин басма сөз кызматынын кызматкери Чынгыз Эсенгул уулу Kloop.kgге берген маегинде.

Учагы кырсыкка учураган «Скат» авиакомпаниясынын басма сөз катчысынын айтымында, каза болгон кыргызстандык Казакстандын аймагында жеке ишкерлик менен алектенип келген.

Казакстандагы авиакырсык

Казакстандын «Скат» авиакомпаниясынын CRJ-200 учагы Көкчөтоо-Алматы каттамы менен учуп баратып 29-январда Алматы облусунун Или районундагы Кызылту айылынан алыс эмес жерге кулап түшкөн.

Учактын кырсыкка учуроосуна аба ырайынын катаалдыгы себеп болгон болушу мүмкүн.

Каза болгон 21 адамдын 16сы жүргүнчү, калган 5и экипаж мүчөлөрү болгон.

Кырсыктын так себеби кара кутуну ачкандан кийин жарыяланат», — деген «Скат» компаниясынын административдик бөлүмүнүн башчысы Жанара Санжек Kloop.kgге берген буга чейинки маегинде.

Ал учак 2000-жылы өндүрүлүп чыгарылгандыгын кошумчалаган.

Бирок Санжек учкучтардын канча жылдан бери иштеп келе жаткандыктарын айтып бере алган жок.

Автор: Эльдос Казыбеков