«Гуглдун» кыргыз версиясындагы көйгөйлөргө Кыргызстандагы DNS-серверлер күнөөлүү

google-defaced_10529

Дүйнөдөгү эң популярдуу издөө сервисине ээлик кылган «Гугл» корпорациясы анын кыргыз версиясында көйгөйлөр болгондугун ырастап, ал көйгөйлөр «интернет-даректерди багыттап турууга милдеттүү болгон Кыргызстандагы серверлерден» улам пайда болгондугун билдирди.

«Гуглдун» google.kg дареги боюнча жайгашкан версиясы 30-январь күнү эртең менен жеткиликсиз болуп жаткан — издөө талаасынын ордуна кызыл түс менен жазылган «MCA-CRB алжир хакерлеринин толук көзөмөлү» деген жазуусу бар кара баракча ачылып жаткан.

Kloop.kgнин жөнөткөн катына «Гуглдун» орусиялык бөлүмүнүн басма сөз кызматы жооп берип, мүчүлүштүктөр болгондугун ырастады, бирок издөө серверин эч ким бузуп ачпагандыгын билдирди.

«.kg  менен аяктаган бардык интернет даректерди багыттап турууга милдеттүү болгон Кыргызстандагы серверлер google.kg сайтына кирген колдонуучуларды Google корпорациясына таандык эмес серверлерге багыттаган», — деп жазган басма сөз кызматы жиберген жообунда.

DNS-серверлер деген ат менен да белгилүү болгон «багыттап туруучу» серверлерди Кыргызстанда .kg зонасындагы домендерди каттоочу жалгыз интернет таркатуучу «АзияИнфо» көзөмөлдөйт.

«Твиттердин» колдонуучулары ушундай эле көйгөйлөр google.kg доменинен сырткары microsoft.kg сыяктуу зонадагы бир катар даректерде да пайда болгондугун байкашкан.

«АзияИнфонун» DNS-серверлерге жооптуу кызматкери .kg домениндеги көйгөйлөрдүн болгондугун ырастап, бирок Kloop.kgнин кабарчысына анын деталдарын айтып түшүндүрүп бере алган жок.

DNS-серверлерге жасалган чабуулдардын өзгөчөлүктөрүнүн бири - чабуул жасалган веб-сайттын колдонуучуларынын көпчүлүгүнүн баракчалары бир канча убакыт эч кандай көйгөйсүз эле ачыла берет.

Кыргызстанда да дал ушундай болуп, колдонуучулардын бир бөлүгү google.kgнин ишиндеги көйгөйлөрдү сезген дагы эмес.

«Гугл» корпорациясы бул көйгөй колдонуучулардын жеке маалыматтарына эч кандай таасирин тийгизген жок деп ишендирди.

«Биз бул көйгөйлөр тууралуу Кыргызстандагы интернет-даректерди багыттап турууга милдеттүү болгон уюмга билдирүү жибергенбиз. Google корпорациясынын серверлери бузулган эмес, бардык колдонулуучу маалыматтар адаттагыдай эле коопсуз», — деп билдирди корпорациянын басма сөз кызматы.

30-январда, күндүн экинчи жарымында google.kg өз ишин толугу менен калыбына келтирген.

Ушундай эле көйгөй «Гуглдун» румын версиясында 2012-жылдын ноябрында болгон — анда ага да өздөрүн MCA-CRB деп атаган адамдар чабуул жасашкан.

«Гугл» корпорациясы анда DNS-серверлерге чабуул жасалгандыгын билдирген.

Автор: Бектур Искендер