ИИМ башчысы «кызматынан кетти»

google-defaced_10529

ИИМ башчысынын кызматтан кеткендиги тууралуу маалымат 31-январда КирТАГ маалымат агенттигинин сайтында пайда болду. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы мекеме башчысы Шамиль Атахановдун кызматтан кеткендигин ырастаган да, четке каккан да жок.

ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкери Атахановдун министрликтен кеткендиги жөнүндөгү маалыматты ырастай да, төгүндөй да албастыгын айтты.

«Азырынча расмий буйрук жок», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Президенттин аппаратынын басма сөз кызматынын кызматкери Алмаз Үсөнов расмий буйрук жок болгондуктан комментарий берүүдөн баш тартты.

Атахановдун кызматтан кеткендигин КирТАГ маалымат агенттиги «Ата Мекен» фракциясынан депутат Сайдулла Нышановго шилтеме жасап билдирген.

«Ички иштер министри Шамиль Атахановдун кызматтан кеткендиги тууралуу маалымат пайда болду. Сиз бул маалыматты ырастап бере аласызбы?», — деп кайрылган ал парламент төрагасы Асылбек Жээнбековго.

Атахановдун кызматтан кетиши мүмкүндүгү жөнүндө «Ар-Намыс» фракциясынан депутат Дастан Бекешев да өзүнүн твиттер-эккаунтуна жазган.

«Теоретиктер практиктерге жеңилип калды, [ички иштер министринин орун басары Болот] Абакиров кетти, эми Атаханов да кетет», — деп жазган Бекешев.

Атахановдун министрликтен кеткендигин мурунку президент Курманбек Бакиевдин администрациясынын кызматкери, белгилүү юрист Илим Карыпбеков өзүнүн «күч органдарындагы булактарына» шилтеме жасап «Твиттерге» жазган.

Атаханов ИИМ башчылыгына 2012-жылдын ноябрынын башында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан кеткенден кийин дайындалган.

Анын ИИМ башчысы болуп турушу мекеменин ичиндеги бир катар чыр-чатактар менен коштолгон — министрге бир катар департамент жетекчилери ачык эле каршылык көрсөтүшкөн.

Автор: Эльдос Казыбеков

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды