Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясы быйыл жоюлушу мүмкүн

google-defaced_10529

Кыргызстандын Жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн милдеттүү болгон Жалпы республикалык тестрилөө өзбек тилдүү версиясы жок калышы мүмкүн, деп билдиришти экзамендин уюштуруучулары. Билим берүү министрлиги бул маселе дагы деле чечиле электигин айтып жатат.

Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү менен алектенген Билим берүү жана анын ыкмаларына баа берүү борбору экзамендерди өзбек тилдүү версиясы жок кыргыз жана орус тилдеринде гана өткөрүү жөнүндө Билим берүү министрлиги менен келишим түздү — бул тууралуу Kloop.kgнин кабарчысына Билим берүү жана анан ыкмаларына баа берүү борборунун директору Инна Валькова билдирди.

Анын айтымында, келишим 2012-жылдын декабрь айынын башында — бир нече жаштар уюмдарынын Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясын алып салуу талабынан соң башталган 8 айлык талкуудан кийин түзүлгөн.

«Эсиңерде болсо керек, өткөн жылы катуу талкуу жүргөн. Анын жыйынтыгы программадан өзбек тилин алып салуу менен аяктады», — деди Валькова Kloop.kgге берген маегинде.

Ал кошумчалагандай, жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясынын алынышына өлкөнүн түштүгүндөгү көптөгөн өзбек тилдүү мектептердин кыргыз тилдүү мектептерге которулушу да өз таасирин тийгизген.

«Өзбек тилдүү мектептер өтө эле аз калды, ал тилдеги Жогорку окуу жайлары да жок деп айтып жатышат. Билсеңер мен өзүм деле өзбек тилинде өткөрмөкмүн, бирок бул менин чечимим эмес. Биз контракт түзүп жатканда бизге тапшырма беришет», — дейт Валькова.

«Дагы деле каралып жатат»

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясынын алынышы тууралуу айтылган маалыматты четке какты.

Ал тесттерди түзүү дагы деле иштеп чыгуу баскычында экендигин айтты.

«Биз Жалпы республикалык тестирлөөдө кандай өзгөрүүлөр боло тургандыгы жана тесттин кандай өткөрүлөөрү тууралуу отчет алган жокпуз», — деди басма сөз катчы.

Өткөн жылы билим берүү министри Канат Сыдыков Жалпы республикалык тестирлөөдөн өзбек тилин алып салуу — адам укуктарынын бузулушу деп айткан.

«Бизде өзбек тилдүү окуучулар бар, ал эми Конституцияда бардык улуттун өкүлдөрүнүн өз тилдеринде билим алууга укуктары бар деп жазылган. Андай болбосо бул адам укуктарын чектөө болуп калат», — деген ал парламент жыйындарынын биринде.

«Одоно укук бузуу»

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Жалпы республикалык тестирлөөдөн өзбек тилин алып салуу өзбек тилдүү окуучулардын укуктарын чектөө жана билим алууга болгон укуктарынын «одоно бузулушу» болот дейт.

«Билим берүү министрлиги бардык окуучулар үчүн бирдей шарт түзүп бериши керек, канча тилде билим берилсе — республикалык тестирлөөнүн ошончо версиясы болушу керек», — дейт укук коргоочу.

Бирок Ош облусунун Ноокат районундагы Абдуваитоа атындагы мектептин директору Жусуп Молдобаев анын өзбек тилде окуган окуучулары республикалык тестирлөөнү Кыргызстанда мамлекеттик тил болуп эсептелген кыргыз тилинде деле тапшыра алышат деп эсептейт.

«Биздин мектепте 32 окуучу окуйт. Алардын бардыгы өзбек тилинде билим алышат, жалпы республикалык тестирлөөнү алар кыргыз тилинде деле тапшыра алышат, эч кандай көйгөй болбойт», — деди Молдобаев Kloop.kgге берген маегинде.

Өткөн жылы жалпы республикалык тестирлөөнү 55 миң киши тапшырса, алардын 2 миңдейи өзбек тилиндеги версиясын тандап алышкан. 2011-жылдан баштап жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн милдеттүү экзамент болуп калган.

Кыргызстанда республикалык тестирлөөнү өзбек тилинде өткөрүүнүн муктаждыгы тууралуу талаш-тартыштар 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндө болгон кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы улуттар аралык кагылыштан кийин өзгөчө күчөгөн.

Ал окуядан кийин өзбек тилдүү билим берүү мекемелерин акырындык менен кыскартуу да белгиленип жатат.

Автор: Азат Рузиев

Сүрөттө 2011-жылы өзбек тилдүү класстарынын бардыгы жоюлган Ош облусунун Мады айылындагы №86 мектеп.