Жогорку сот УКМКнын бюджетин ачыкка чыгарууга уруксат берген жок

google-defaced_10529

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакуновго Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чыгашаларынын сметаларын ачыкка чыгарууга уруксат беришкен жок. Жогорку сот ал маалыматты «жашыруун маалымат» деп тапты.

Юрист жана укук коргоочу Нурбек Токтакунов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бюджети ачык жана ал жөнүндөгү маалыматтар жеткиликтүү болушу керек деп эсептейт.

Токтакунов 31-январдагы сот отурумунда парламентте таркатылган УКМКнын чыгашаларынын сметалык таблицасын көрсөттү.

Ал «Мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү» мыйзамга шилтеме жасады.

Токтакунов УКМКнын чыгашаларынын ачыктыгы боюнча мекемеге каршы соттук териштирүүлөрдү 2012-жылдын январынан бери жүргүзүп келе жатат.

«Ал маалыматтын жарыяланышы эч кандай коркунуч жаратпастыгын акыл-эси ордунда болгон адамдардын бардыгы тең түшүнөт», — деп эсептейт Токтакунов.

Юрист 2012-жылга чейин УКМКнын бюджети парламентте ачык эле талкууланып келгендигин, бирок ал өткөн жылдан баштап мамлекеттик сыр маалыматтардын катарына киргизилгендигин айтып даттанды.

УКМК Токтакуновго каршы кылмыш ишин козгобойт

Буга чейин райондор аралык жана Бишкек шаардык соту атайын кызматтын чыгашаларын ачыкка чыгарууга тыюу салып, укук коргоочунун пайдасына чечим чыгарган эмес.

Токтакунов сот отурумдарында УКМКнын бюджетин биринчи жолу көрсөтпөй эле — биринчи жолу ал парламенттен алынган атайын кызматтагылардын бюджетин 2012-жылдын мартындагы отурумга катышып жаткандардын бардыгына - алардын ичинде журналисттерге да таркатып берген.

Токтакунов анда сот жыйынына катышып жаткан УКМКнын юристи Ярослав Баженовдон бюджетти ачыкка чыгарып, таркаткан адамды эмне күтөөрүнө кызыккан.

Баженов ал адам кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын билдирген.

Бирок бүгүн УКМКнын басма сөз кызматы Kloop.kgге берген маегинде бюджетти ачыкка чыгарып, «жашыруун» маалыматты таркаткандыгы үчүн юристке эч ким кылмыш ишин козгобой тургандыгын билдирди.

«Кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жок. Ал [Нурбек Токтакунов] өз пикирин ушинтип билдирди. Бул үчүн кылмыш иши козголбойт», — деп эсептейт Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы.

Авторлор: Шахида Дүйшеева жана Нурмухаммед Атамбаев