HRW: Өзбек азчылыгынын укуктарын коргоодо Кыргызстандын «иши ордунан чыкпай калды»

karasuu-school_1

Укук коргоочу «Хьюман Райтс Уотч» уюму (HRW) дүйнө жүзүндө адам укуктарынын сакталышы тууралуу ар жылкы докладын жарыялап, анда Кыргызстандын этникалык өзбектердин көйгөйлөрүн чечүүдөгү ишинин «ордунан чыкпай калганын» сынга алган. Өлкө бийлиги уюмдун корутундусу менен макул эмес.

HRW 31-январда чыккан ар жылкы докладынын үч барагын Кыргызстанга арнап, анда негизинен өлкөдөгү өзбек азчылыгынын көйгөйлөрүнө көңүл бурган.

«Кыргызстан өлкөнүн түштүгүндөгү адам укуктарынын бузулушуна, анын ичинде этникалык өзбектердин укуктарынын бузулушуна бирдей мамиле кылуудагы иши ордунан чыкпай калды», - деп жазылган докладда.

«Хьюман Райтс Уотч» уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстандын түштүгүндөгү кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы жаңжалдан дээрлик үч жыл өтсө дагы укук коргоо органдары этникалык өзбектерди «негизсиз кармап, кыйноого алуусун» улантып жатат.

«2010-жылдагы жаңжалды тергөө иши ошол бойдон турат. Процесстердин басымдуу бөлүгү этникалык өзбектердин үстүнөн, эл аралык сот акыйкаттыгынын стандарттарынын одоно бузулушу менен өтүп жатат», — деп эсептейт HRW.

Укук коргоо уюму мисалдардын бири катары укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин келтирген. HRW уюмунун пикиринде, аны өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү«адилетсиз» чыгарылган.

«Судьялар 2010-жылдагы жаңжалга байланышкан угууларда укук коргоо органдары тарабынан кыйноолор болгондугу боюнча жазылган арыздарды четке кагуусун улантып жатышат», — деп жазылган докладда.

«Улуту боюнча бөлбөйбүз»

Бирок бул сын менен Кыргызстандын укук коргоо органдары макул эмес.

«Ал эл аралык уюмдун корутундулары менен биз такыр макул эмеспиз. Андай жазса фактыларды көрсөтүшсүн», - деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын кызматкери Kloop.kgге берген маегинде.

ИИМдин өкүлү Кыргызстандагы этникалык өзбектер кылмыш кылган деп шектелип же ага тиешеси бардыгы үчүн кармалгандыктарын билдирди.

ИИМдегилер милиция кылмышка шектүүлөрдү кармап жатканда «аларды улуттары боюнча бөлбөй» тургандыгын айтып, ишендирүүгө аракет кылышты.

«Биз калктын ал жаңжалды тезирээк унутуп, эстеринен өчүрүп салууну каалап жатабыз, бирок Хьюман Райтс Уотч каждый раз жылаңач фактыларды жарыялап жатат. Бизде, милиция кызматкерлеринде улуту боюнча бөлүнүү деген жок», - деди басма сөз кызматынын кызматкери.

Президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз кызматы доклад боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

HRW отчеттунда бир катары жакшы тенденцияларды - алсак, Орусия жараны Усмонжон Холмирзаевдин өлүмүнө алып келген кыйноолорго катышкан деп айыпталып жаткан төрт милиция кызматкеринин үстүнөн сот процессинин башталгандыгын белгилеген.

Укук коргоо уюму ошондой эле 2010-жылдагы жаңжал боюнча камакка алынып, кийин бошотулуп, компенсация катары акча алган этникалык өзбек Фаррух Гапировдун окуясын да көрсөтүп өткөн.

Башка укук бузуулар

HRW өткөн жылы Кыргызстанда адам укуктары бузулган башка учурларга өлкөнүн парламенти тарабынан демилгеленип, 2012-жылдын февралында «Фергана.ру» сайтынын тосмолонушун белгилеген.

Уюм ошондой эле «Мен - гей, мен мусулманмын» тасмасынын көрсөтүлүшүнө тыюу салынгандыгын сынга алган - тасмага Башкы прокуратуранын демилгеси менен тыюу салынган.

Автор: Азат Рузиев жана Бектур Искендер