ИИМ: Атахановдун кызматтан кеткендиги тууралуу маалымат — «ушак»

karasuu-school_1

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы мекеме башчысы Шамиль Атаханов кызматынан кетпей тургандыгын Kloop.kgге билдирди. Анын министрликтен кеткендигин буга чейин «КирТАГ» маалымат агенттиги жазып чыккан.

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов Kloop.kgге берген маегинде Атахановдун кызматтан кеткендиги тууралуу коомчулукка тарап кеткен маалыматты «ушак» деп атады.

Бирок ал маегинин диктофонго жазылып алынышына каршы болду.

Буга чейин ИИМдин басма сөз кызматы Атахановдун министрликтен кеткендиги жөнүндөгү маалыматты ырастай да, төгүндөй да албастыгын билдирген.

ИИМдин башчысынын кызматтан кетээр-кетпесин президенттин аппараты да так айта албайт, алар бул боюнча расмий буйрук жок экендигин белгилеп жатышат.

Биринчилерден болуп Атахановдун кызматтан кеткендигин КирТАГ маалымат агенттиги «Ата Мекен» фракциясынан депутат Сайдулла Нышановго шилтеме жасап билдирген.

«Ички иштер министри Шамиль Атахановдун кызматтан кеткендиги тууралуу маалымат пайда болду. Сиз бул маалыматты ырастап бере аласызбы?», — деп кайрылган ал парламент төрагасы Асылбек Жээнбековго парламенттин 31-январдагы жыйынында.

Атахановдун министрликтен кетиши мүмкүндүгү жөнүндө «Ар-Намыс» фракциясынан депутат Дастан Бекешев да өзүнүн твиттер-эккаунтуна жазган.

«Теоретиктер практиктерге жеңилип калды, [ички иштер министринин орун басары Болот] Абакиров кетти, эми Атаханов да кетет», — деп жазган Бекешев.

Атаханов ИИМ башчылыгына 2012-жылдын ноябрынын башында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан кеткенден кийин дайындалган.

Анын ИИМ башчысы болуп турушу мекеменин ичиндеги бир катар чыр-чатактар менен коштолгон — министрге бир катар департамент жетекчилери ачык эле каршылык көрсөтүшкөн.

Автор: Эльдос Казыбеков

Сүрөт Ички иштер министрлигинин расмий сайтынан алынды