Окуучулардын жетишсиздигинен айылдагы класстар кантип жабылып жатат?

karasuu-school_1

Бакай Алмазбеков – Чүй облусунун Кара-Суу айылындагы 10-класстын жалгыз окуучусу, бирок ал мектепке барбай жылкы кайтарат. Жергиликтүү мектепте окуучулардын жетишсиздигинен үч жылдан бери класстар жабылып жатат.

16 жаштагы Бакай мектепте окуусун улантмак, бирок анын курдаштарынын бардыгы айылдан кетип калгандыктан 10-классты жабуу чечими кабыл алыган.

Анын айтымында, өткөн жылы айылда алты классташы бар болгон, бирок алардын бири 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Кара-Балта шаарына окууга кетип калган. Мектеп жетекчилиги эгер класста окуучулардын саны жети окуучудан аз болсо аны жабууга туура келээрин эскерткен.

«Аны биз менен окуп, айылда калууга көндүрүүгө аракет кылганбыз. Бирок ал каалаган жок. Бул анын чечими», – дейт Бакай.

Анын калган классташтарынын бардыгы окууларын улантуу үчүн туулган айылын таштап кетип калышкан, бирок Бакайдын андай мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Ал окуу жайына тапшырып, келечекте ашпозчу болууну каалайт.

Экинчи жолу биринчи класска

Кара-Суу айылынын мектебинде 10-класстан сырткары 1чи, 4чү жана 7-класстар жок.

Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы жана башталгыч класстардын мугалими Гүлмира Жумалиева Кара-Суу айылында 2010-2011-окуу жылында 2-класс жабылгандыгын, мындан улам азыр үчүнчү класста окуп жаткан эки бала биринчи классты эки жолу окушкандыгын айтты.

«Мектептин 3-классында азыр 4-класста окушу керек болгон эки окуучу бар. Тынчтык деген балабыз бар, ал өткөн жылы Кара-Балтада 3-класста окуп келген, ал азыр Кара-Сууда кайрадан 3-класста окуп жатат, анткени бизде 4-класс жок. Ата-энеси каршы эмес», – деди Жумалиева.

Окуу бөлүмүнүн башчысы балдар өз курдаштары менен бирге окуса жакшы болмок деп эсептейт.

Жергиликтүү тургун Айнагүл Какешова жакында жети жашка чыга турган уулу Элнур биринчи класска барса болмок дейт. Бирок айтымында, балдардын саны жетишпегендиктен кийинки жылга чейин күтүүгө туура келүүдө.

«Үйдө сүрөт тартып, китеп окуйт. Бизде китептер бар. Буга мен ачуум деле келбейт», – дейт Какешова.

Айылдын дагы бир тургуну Кымбаттын кызы алты жашта, ал да кызы биринчи класска 2012-жылы барса болмок деп эсептейт.

«Мектепте окубайт, башка жерде окубайт. Мектеп сабактарынан математика менен алиппени окуйбуз. Учурда жазуу менен алектенип, сүрөт тартабыз, ырдайбыз», — деди ал.

Мектептин директору Нурадил Азаркуловдун айтымында, айылдын 400 жашоочусунун 100ү мектеп курагындагы балдар, бирок алардын 65и гана жергиликтүү мектепте билим алышат.

Анын айтымында, окуучулардын башка айылдарга кетип жаткандыгына мектептеги класстардын жабылышы себеп болуп жатат. Бирок ал коңшу айылдарда окуп жаткан балдардын бардыгы келген күндө деле окуучулардын саны мектептеги класстардын толук болуусуна жетмек эмес дейт.

Автор: Зарема Султанбекова