Ош облусундагы унаа жолуна кар көчкүсү түштү

lavina

31-январь күнү кечинде Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолуна жалпы көлөмү 4800 куб метрге жеткен кар көчкүсү түштү. ӨКМдин маалыматы боюнча, жабыркагандар жана каза болгондор жок. Жаңы кар көчкүсүнүн түшүү коркунучунан улам жол тункүсүн жабылып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүсүнүн түшүшүнүн себеби катары унаа жолдун айрым участкаларындагы тоо беттеринин эңкейиштерин атады.

ӨКМдин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун башчысы Мухаммет Сваровдун айтымында, кар калың жааган учурларда ал тоо беттериндеги эңкейиштер карды кармап тура албай калат.

Сваровдун айтымында, СССР маалында бул унаа жолу кышкысын жабылып турган.

«Бул жолдун бир спецификасы бар - андагы капчыгайлар өтө тар жана тоо беттери эңкейиш. Мунун айынан совет маалында жол кышкысын жабылып турган», — деди Сваров.

ӨКМдин маалыматтары боюнча, 31-январда жалпы көлөмү 4800 куб метрге жеткен кар көчкүсү түшкөн, бирок түнкү саат экиге чейин жол тазаланып бүткөн, андан жабыр тарткандар болгон эмес.

Кар көчкүсүнүн түшүү коркунучунан улам Каракулжа районунун акиминин буйругу боюнча жолдогу унаалардын кыймылына 18:00дөн 08:00гө чейин чектөө киргизүү чечими кабыл алынган.

Учурда унаа жолу бир багытты көздөй ачык.

Ушул эле жолдо бир ай мурун кар көчкүсүнүн алдынан КамАз жүк унаасын алып чыгышкан.

Анда айдоочу менен жүргүнчүлөр жабыркаган эмес - алар өз алдынча кар алдынан чыгууга үлгүрүшкөн, бирок унаадагы үч кой кар алдында калып өлгөн.

Автор: Ольга Махортова