«Дордой» базарындагы унаа токтотуу жайынын акысы эки эсеге кымбаттады

IMG_0064_

Борбордук Азиядагы эң ири базар болуп саналган «Дордойдун» унаа токтотуу жайына унаа коюуунун акысы 20 сомдон 50 сомго чейин жогорулады. Базар ээлери андан чогулган каражатка «Дордойго» бара турган жолдорду оңдоп, ал жерге светофор орнотууну пландап жатышат.

«Дордой» базарына алып бара турган эки жол — Бишкектин түндүгүндөгү өтмө жол тарабындагы жана борбордон түз эле алып бара турган базардын түштүк жагындагы жолдор оңдоодон өткөрүлөт.

Ошондой эле базардын жанына бир светофор орнотулат, деп билдирди унаа токтотуу жайынын башчысы Алмаз Калматов.

«Дөңгөлөк саткан катар менен унаа тетиктери сатылган өтмө жолдон базарга чейинки жол, ошондой эле Совет көчөсү тараптагы жол асфальтталып, оңдолот», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Калматовдун айтымында, жолдорду оңдоп, светофор орнотуу үчүн болжол менен 22 миллион сом талап кылынат.

Калматов профсоюз тизмесинде бир жылдан ашык убакыттан бери каттоодо турган, «Дордой» базарында иштеген адамдар унаа токтотуу жайындагы орундарга айына 1000 миң сом төлөп алдын ала ээлеп койсо болоорун белгиледи.

1-февралга чейин унаа токтотуу жайын колдонуунун акысы 20 сомду түзүп келген.

«Дордой» — Кыргызстандагы эң чоң базар.

Дүйнөлүк банк тарабынан 2009-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн маалыматы боюнча, «Дордой» эл аралык маанидеги базарлардын катарына кирет, ошондой эле ал Борбордук Азиядагы эң ири базар болуп саналат.

90-жылдардын башынан бери «Дордойдун» аянты беш гектардан жүз гектарга чейин кеңейген, ал эми базардын алдындагы кызмат көрсөтүү жана коомдук тамактануу тармагындагы жумушчулар менен ишкерлердин саны 50 миң кишиге чейин жетет, бул аны Кыргызстандын экономикасындагы негизги элементтердин бири кылып келүүдө.

Интернеттеги талкуу

Популярдуу «Дизель» интернет-форумунун колдонуучулары унаа коюу үчүн болгон баалардын жогорулашы боюнча түрдүү пикирлерин билдирип жатышат.

Дизелдин колдонуучусу Alexei aka HappyAlex баалардын жогорулашына каршы.

«[Эгер] көбүрөөк акча алгылары келсе жакшы шарттарды түзүп, унаалар үчүн жооптуу болуулары керек», — деп жазган ал.

Don Omar аттуу башка колдонуучу унаа токтотуу жайынын бааларын өз каалоосу менен жогорулатууга анын ээсинин укугу бар деп эсептейт.

«Ал жер ээси, кааласа жогорулатат, кааласа жогорулатпайт! Бул анын өзүнүн иши», — деп жазган ал.

Автор: Тилек Бейшеналиев

Редактор: Алексей Ким

Сүрөттүн автору: «Дизель» форумунун Pusek аттуу колдонуучусу