Сох анклавы аркылуу өтүүчү жол ачылды

IMG_0064_

Сох өзбек анклавы менен анын айланасындагы Кыргызстандын айылдарынын жашоочулары «элдешишти». Чектеш аймактарда жашаган эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы жаңжалдан кийин жабылган Сохтун айланасындагы чек ара өтмөктөрү дээрлик төрт аптадан кийин ачылды.

Элдешүү иш-чарасы 1-февралда жергиликтүү аксакалдар, чиновниктер жана чек арачылардын катышуусунда кезек-кезек менен эки өлкөнүн аймагында өттү

«Аксакалдар жолугушуунун жүрүшүндө чектеш жашаган калкты тынчтыкка, ынтымакка жана достукка чакырышты», — деп жазылган Кыргызстандын Чек ара кызматынын пресс-релизинде.

Элдешүү иш-чарасына катышкандардын катарында Кыргызстан өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен Сох анклавы таандык болгон Өзбекстандын Фергана облусунун хокими болду.

Жарашуу аракети Сох анклавындагы январь айынын башында болгон жаңжалдан кийин жабылган кыргыз-өзбек чек арасынан өтүүнүн жеңилдетилиши менен коштолду.

Кыргызстандын жарандары кайрадан Сох анклавы аркылуу өтө турган жол менен пайдалана алышат — ал Баткен облусунун батыш тарабы менен чыгышын байланыштырып турган эң кыска жана ыңгайлуу жол болуп саналат.

Сох анклавы аркылуу өтө турган жол жабылганда кыргызстандыктарга аны айланып, сапаты начар Божой ашуусундагы жол менен өтүүгө туура келген.

Андан сырткары Өзбекстандын негизги аймагы менен болгон чек арадагы «Кадамжай-Вуадиль» чек ара өтмөгү да ачылды.

«Тараптар Баткен облусунун жашоочуларынын Өзбекстандын Сох жана Шахимардан анклавдары аркылуу тоскоолдуктарсыз өтүүсүн камсыз кылуу боюнча макулдашууга келишти», — деп жазылган Чек ара кызматынын пресс-релизинде.

Чек араны ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат

Чек ара кызматынын өкүлү Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде тоскоолдуксуз өтүү Сох менен Өзбекстандын негизги аймагынын ортосундагы Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн өзбек жарандарына да камсыздалгандыгын билдирди.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы калган чек ара өтмөктөрүн ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр дагы деле уланып жатат.

Сох анклавындагы жаңжал 6-январь күнү, Хушяр өзбек айылынын жашоочулары менен   кыргыз чек арачыларынын ортосундагы кагылыштан улам башталган — аталган айыл тургундары жаңы кыргыз чек ара заставасына электр зымдарын тартууга каршы чыгышкан.

Кагылыш маалында кыргыз чек арачылары курал колдонуп, кыргыз тараптын версиясы боюнча — асманга, Өзбекстандын версиясы боюнча — адамдарга карата ок чыгарышкан.

Хушяр айылынын жашоочулары чек арачылар менен болгон жаңжалдан кийин чектеш жайгашкан Чарбак айылынын тургундары менен Сох анклавы аркылуу өтүп бара жаткан 30 кыргызстандыкты барымтага алып алышкан.

Алардын 14ү бир нече сааттан кийин эле бошотулушкан, калгандары болжол менен бир суткадан кийин өзбек укук коргоо органдарынын жардамы менен Кыргызстандын аймагына кайтып келишкен.

Эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматташкандыгына карабастан кыргыз-өзбек чек арасы дээрлик бир ай жабык бойдон калган, бул өз кезегинде Сох анклавындагы азык-түлүк каатчылыгына алып келген.

Автор: Бектур Искендер

Сүрөттүн автору: Гүлжан Турдубаева