Бишкек: «Кемсинтүүлөрдөн» кийин аскер бөлүгүнөн 39 аскер качып кетти

IMG_0064_

№702 аскер бөлүгүнүн аскерлери кызмат өтөп жаткан жеринен 3-февраль күнү кечинде качып кетишкен, деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы. Качып кеткен аскерлердин биринин чоң атасы ал жерде аскер кызматындагыларды «кордогондуктарын» айтууда.

Качып кеткен 39 аскер кызматкери кезексиз күзөткө коюлуп же кылмыш иштери менен жазаланат, деди ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде.

«Болжол менен саат 22:39дарда №702 аскер бөлүгүндө милдеттүү кызмат өтөп жаткан аскер кызматындагылар ал жерди уруксатсыз таштап кетишкен», — деди басма сөз катчы.

Ал учурда аскер кызматындагылардын кайсыл жерде экендиги такталып жаткандыгын кошумчалады.

Качып кеткен аскер кызматындагылардын биринин чоң атасы Бакыт Жунушев Kloop.kgге берген маегинде ал жерде аскерлерди «кемсинтип, кордогондуктарын» айтты.

«Ата-энелеринин [аскер кызматкерлеринин] айтымдарында, балдары телефон чалып, офицерлер аларды кордоп жаткандыктарын айтышкан», — деди тууганы.

Жунушевдин айтымында, аскерлер аларды «кемсинткен» батальон командирине каршылыктарын билдиришкен.

Ал белгилегендей, аскерлер жетекчилик командирди кызматынан кетиргенден кийин гана аскер бөлүгүнө кайтып келүүгө даяр.

Автор: Эльдос Казыбеков