ИИМ: Качып кеткен жоокерлер шаардагы батирлердин биринде жашырынып жүрүшкөн

IMG_0064_

3-февралдан 4-февралга караган түнү качып кеткен 39 жоокердин 37си №702 аскер бөлүгүнө кайтып келишти. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, алардын көпчүлүгү качып кеткенден кийин Бишкектеги батирлердин биринде жашырынып турушкан.

ИИМдин басма сөз катчысы Жоробай Абдыраимов качып кеткен 39 жоокердин 37си Бишкектеги батирлердин биринде жашырынып турушкандыгын Kloop.kgнин журналисттерине билдирди.

Ал батирдин кайсыл жерде жайгашкандыгын тактап айтып берген жок.

Калган экөө Чүй облусунун Токмок шаарына качып кетишкен.

Токмокко качып кеткендер, ошондой эле Бишкектеги батирде жашырынып тургандардын 35и №702 аскер бөлүгүнө кайтып келишти.

«Бүгүн калган экөөсү да кайтып келет деген маалымат бар. Бул факт боюнча иликтөө жүрүп жатат», — деди Абдыраимов Kloop.kgге берген маегинде.

Жоокерлер ИИМдин ички аскерлер бөлүгүнөн 3-февралдан 4-февралга караган түнү качып кетишкен.

Алардын көпчүлүгү бир суткадан кийин кайтып келишкен.

Качып кеткендердин бири Абдыкерим Орозакуновдун айтымында, мындай жол менен алар «офицерлердин ырайымсыздыгына» коомчулуктун көңүлүн бургулары келген.

Орозакунов «К-Ньюс» маалымат агенттигине берген маегинде билдиргендей, батальон командири жаңы келген кызмат өтөөчүлөр менен мурунтан бери кызматтагы жоокерлердин ортосундагы уруштан кийин ырайымсыздыгын көрсөтүп баштаган.

«[Уруштан кийин батальон командири] силер дедовщинаны күчөтүп жатасыңар, мен буга жол бербейм деп кыйкыра баштады. Кыйкырып бүткөндөн кийин противогаз кийүүгө мажбурлап, чуркатты. Өтө көп чуркадык», — деген Орозакунов «К-Ньюс» агенттигине берген маегинде.

Жоокердин айтымында, алар алгач аскер бөлүгүн кыска — бир суткадан ашпаган мөөнөткө гана таштап кетүүнү каалашкан.

Буга чейин ИИМдин басма сөз катчысы Жоробай Абдыраимов Kloop.kgге берген маегинде үч суткага чейинки убакта кайтып келген жоокерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылбай тургандыктарын билдирген.

«Аларда эч кандай коркунуч жок. Эгер жоокерлер үч сутканын аралыгында өз каалоолору менен аскер бөлүгүнө кайтып келишсе алар дисциплинардык тартипте гана жазаланышы мүмкүн. Бул кезексиз күзөткө коюу сыяктуу жазалар», – деген Абдыраимов.

ИИМден кемсинтип, кордук көсөтүү боюнча жоокерлер тарабынан айтылган фактылар аныкталбагандыгын билдирип жатышат.

Автор: Нурмухаммед Атамбаев жана Бектур Искендер

Сүрөт Knews маалымат агенттигинин сайтынан алынды