ИИМ: Кечке чейин качып кеткен жоокерлер аскер бөлүгүнө кайтып келишет

IMG_0064_

№702 аскер бөлүгүнөн качып кеткен 39 аскердин 35и кайтып келдибул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы ырастады. Анын айтымында, калгандары да кайтып келүүнү көздөп жатышат. Алар кылмыш жоопкерчилигине тартылышпайт.

Качкында жүргөн төрт жоокер аскер бөлүгүнө 5-февралда кайтып келе тургандыктарын туугандарына билдиришкен — бул тууралуу Kloop.kgнин кабарчысына ИИМдин басма сөз катчысы Жоробай Абдыраимов билдирди.

Ал кайтып келген аскер кызматындагылар качкандыктары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт деди.

«Аларда эч кандай коркунуч жок. Эгер жоокерлер үч сутканын аралыгында өз каалоолору менен аскер бөлүгүнө кайтып келишсе алар дисциплинардык тартипте гана жазаланышы мүмкүн. Бул кезексиз күзөткө коюу сыяктуу жазалар», – деди Абдыраимов Kloop.kgге берген маегинде.

Басма сөз катчы кошумчалагандай, азырынча качып кеткен аскерлерди «кемсинтип, кордоо» фактылары аныктала элек.

«Андай фактылар жок, аныктала элек. Аларды эч ким кемсинткен эмес. Алар өз батальон командирине нааразы болушкан — бул факт текшерилип жатат», – деп билдирди ал.

Качып кеткен жоокерлердин биринин чоң атасы Бакыт Жунушев 4-февралда Kloop.kgге берген маегинде аскер кызматындагыларды «кемсинткендиктерин» айткан.

«Ата-энелеринин [аскер кызматкерлеринин] айтымдарында, балдары телефон чалып, офицерлер аларды кордоп жаткандыктарын айтышкан», — деген ал.

№702 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн аскерлер 3-февралдан 4-февралга караган түнү качып кетишкен.

Качып кеткен 39 аскердин 32и бир суткадан кийин, дагы үчөө 5-февраль күнү күндүзгү саат 11лерде аскер бөлүгүнө кайтып келишкен.

Жоокерлер кызмат өтөгөн аскер бөлүгү Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө, алар өлкө президентинин резиденциясы сыяктуу мамлекеттик маанидеги объектилерди кайтаруу менен алектенишет.

Автор: Александра Ли