Жалал-Абад: Сот камактагыларды массалык «сабоо» фактысы боюнча прокуратураны кайрадан тергөө жүргүзүүгө милдеттендирди

CE312A57-B09F-4A3E-8CEA-ABB06AC26_mw800_s1

Сот прокуратураны жергиликтүү убактылуу кармоочу жайындагы камактагыларды массалык «сабоо» боюнча ишти кайрадан тергөөгө милдеттендирди. Буга чейин көзөмөлдөөчү орган аталган факты боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

4-февралда Жалал-Абад шаардык соту камактагыларды массалык «сабоо» фактысы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан шаардык прокуратуранын токтомун жокко чыгарды. Окуя 2012-жылдын 6-ноябрында жергиликтүү убактылуу кармоочу жайында болгон.

Көзөмөлдөөчү орган окуяны иликтеп чыгып, «сабоо» фактысы боюнча кылмыш ишин козгобоо чечимине келген. Адам укуктарын коргоо боюнча «Адилеттүүлүк» уюмунун укук коргоочулары бул чечим менен макул болбой, сотко кайрылышкан.

Сотто «Адилеттүүлүктүн» юристи Сардор Абдухалилов прокуратуранын ал иликтөөсү толук кандуу болгон эмес деди.

«Иштин материалдарында көптөгөн карама-каршылыктар, ошондой эле прокуратуранын иликтөөсү учурунда жакшы каралбай калган фактылар да бар», —  деди ал сот отурумунда.

Шаардык көзөмөлдөө органынын прокурору Толкун Разабаев Абдухалиловдун бул айткандары менен макул болгон жок.

«Токтомду жокко чыгарууга болбойт, анткени прокуратура тарабынан толук иликтөө жүргүзүлгөн. Укук коргоочулардын даттануулары канааттандырылбаш керек», – деди прокурор.

Анын айтымында, укук коргоочулар тарабынан камактагылардан чогултулган арыздардын бардыгы даттанууга негиз болуп бере албайт, анткени алар толук бойдон камактагылардын бардыгы эле түшүнө бербеген орус тилинде жазылган.

Башка бир укук коргоочу Уткир Джаббаров прокурордун айткандарын четке какты. Ал арыздар дайыма эле эки тилде жазылаарын айтты.

«Арыз ээси ар дайыма түшүндүрмөлөрү менен арыздарында аны окуп чыккандыгын, анда жазылгандар туура экендигин күбөлөндүрүп кол коет, бул боюнча эч качан даттануулар болгон эмес», – деп билдирди сотто Джаббаров.

Судья шаардык прокуратуранын токтомун мыйзамсыз деп таап, ишти кайрадан иликтөө үчүн ал мекеменин өзүнө жиберди.

Камактагыларды масслык түрдө сабоо боюнча жаңжал Жалал-Абаддын убактылуу кармоочу жайында 2012-жылдын 6-ноябрында болгон. Тинтүү учурунда милиция кызматкерлери камактагыларды «сабаган», бул тууралуу алар укук коргоочуларга берген арыздарында жазышкан.

Учурда убактылуу кармоочу жайында 43 адам камакта, алардын арасында үч аял бар.

Бул окуя боюнча эл аралык укук коргоо органдары да өз пикирлерин билдиришен.

«Хьюман Райтс Уотч» уюмунун Европа жана Борбордук Азия боюнча директору Хью Уильямсон камактагылардын кыйноолорго алынышы милиционерлерди такыр актай албайт деп билдирген.

«Мындай мыйзам бузууга алар тараптан алынган мобилдик телефондор жана башка тыюу салынган нерселердин бардыгы эч качан актоо болуп бере албайт. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тез аранын ичинде тергөө иштерин башташы керек», — деп жазылган уюмдун пресс-релиздеринин биринде.

Автор: Евгений Погребняк