Кыргызстанда Орусиянын Биринчи каналынын көрсөтүүлөрүн ретрансляциялоо токтотулушу мүмкүн

lavina

Парламенттин бюджет жана каржы боюнча комитети Кыргызстанда Орусиянын Биринчи каналынын телеберүүлөрүн ретрансляциялоо үчүн акча төлөөнү токтотууну сунуштап жатат. Бул боюнча сурамжыланган депутаттар ар түрдү пикирлерин билдиришти.

«Комитет төрагасы Акматбек Келдибеков комитет жыйынында учурда телекөрүүчүлөрдүн көпчүлүгү кабелдик жана спутниктик телеберүүлөр менен пайдаланат, ошондуктан мамлекет каналдын көрсөтүлүшү үчүн сөзсүз эле акча төлөшү керек эмес деп билдирди», - деп жазган «24.kg» маалымат агенттиги.

Депутат Өмүрбек Абдырахмановдун айтымында, Кыргызстан каналдын көрсөтүлүшү үчүн жыл сайын 50 млн сом төлөйт.

Биринчи каналдын телеберүүлөрүн ретрансляциялоо үчүн акча төлөөнү токтотуу боюнча депутаттары түрдүү пикирлерин билдирип жатышат.

«Ар-Намыс» фракциясынан депутат Замир Бекбоев аталган демилгени «толугу менен маанисиз» сунуш деп эсептейт.

Бекбоев ошондой эле мектептерди куруу үчүн мамлекеттик казынага зыян келтирбей эле, республикалык бюджеттен каражат тапса боло тургандыгын айтты.

«Республикалык бюджетте башка эч нерсеге зыян келтирбестен 50 миллион сом үнөмдөп калууга боло турган орундар өтө көп. Жалпысынан бардык тармактан үнөмдөсө болот» , — деп эсептейт парламентарий.

Социал-демократтар фракциясынан эл өкүлү Жусупали Исаев да Бекбоевди колдоп, аталган сунушту «келесоолук» деп эсептейт.

«Абдрахмановдун мындай сунушу келесоолук, анткени Кыргызстанда жалпы калктын 15-20%ы орус тилдүү. Алар маалымат алышы керек, алардын укуктарын чектебеш керек», - деп эсептейт Исаев.

Парламентарий Элмурат Обдунов Биринчи каналдын көрсөтүлүшүн каржылоодон баш тартуу боюнча айтылган демилгени колдойт.

«Мен Өмүрбек Абдырахмановичтин идеясын колдойм, жакшы демилге. Бул ири масштабдагы маалымат болот», — деди Обдунов.

Медиа-талдоочулар

Медиа-талдоочу Александр Кулинский санариптик телеберүүгө өткөнгө чейин аталган демилгеден баш тартып туруу керек деп эсептейт.

«Азырынча биз көрсөтүүдөн баш тартууга даяр эмеспиз. [...] Санариптик телеберүүгө өткөнгө чейин баш тартуу — маанисиз, сандырак иш болуп калат», — деп эсептейт Кулинский

Талдоочу Бегайым Усенова каналдын көрсөтүлүшүн өчүрүүдөн мурун алгач «маалыматтык компания» өткөрүү зарыл деп эсептейт.

«Анын көрсөтүлүшү үчүн акча төлөөнү токтотуудан мурун алгач маалыматтык компания жүргүзүлүшү керек. Анткени өлкөнүн ар бир жараны Орусия каналы өчүрүлбөй тургандыгын, жөн гана трансляция үчүн канал өзү төлөсүн деп жатышканын түшүнүшү керек», — дейт Усенова.

Дизелчилердин пикири

Демилге айтылаары менен дароо эле популярдуу «Дизель» интернет-форумунда тема боюнча кызуу талкуу башталып, алар ар башка пикирлерин билдиришкен.

Marishka деген колдонуучу Биринчи каналдан баш тартканда пенсионерлер гана жапаа чегип калат деп эсептейт.

«Мындан кайрадан эле «Поле чудес» же «Жди меня» сыяктуу көрсөтүүлөрдү көргөн, кабелдик телеберүүгө акчасы жок пенсионерлер гана жабыр тартып калат», — дейт Marishka

KG-007 аттуу колдонуучу демилгени колдоп, аны «өтө акылдуу» чечим деп эсептейт.

«Абдан акылдуу чечим, эгер Орусиянын ртр, нтв, стс, тнт, рентв, мир сыяктуу каналдары жок болсо 100 миллион да төлөсө болмок. Анан Орусиянын маалыматтык жана көңүл ачуучу каналдары толуп турса биринчи канал үчүн 50 миллион сом төлөп эмне кереги бар? Эч кандай логика көрбөй элем», — деп жазган ал.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Сүрөт Биринчи каналдын расмий сайтынан алынды