Коомдук ажатканага ташталган наристе эсине келди

IMG_0064_

№3 балдар ооруканасынын маалыматы боюнча, ажатканага ташталган наристе кыз эсине келди. Баладан кутулгусу келген апасы учурда ооруканада. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңы төрөлгөн наристе бир суткадай эсине келе алган эмес. Учурда кызды атайын медициналык  түтүкчө аспап аркылуу тамактандырып жатышат.

Министрликтин маалыматы боюнча, кыздын абалы «канааттандыраарлык» деп бааланууда. Дарыгерлер наристенин мээсинин чайкалышын текшерип, дартын аныктоо менен алектенип жатышат – ал бир нече саат суукта жатып, башына ыргытылган таш тийген.

Учурда наристе №3 балдар ооруканасында даарыланып жатат.

Жаңы төрөлгөн наристе 5-февралдан 6-февралга караган түнү коомдук ажаткананын чуңкурунан табылган.

Тез жардам бригадасынын корутундусу боюнча, баланын өсүүсүндө кемчиликтер байкалбайт, наристенин салмагы нормадагыдай — 2 килограмм.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, наристени болжол менен түнкү саат бирлерде кошуналары таап, милиция менен тез жардам кызматын чакырышкан.

«Тергөө иш-чаралары кечээтен бери жүрүп жатат. Апасы дагы деле ооруканада кайтарууда. Кечээ «өлтүрүү үчүн кол салуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон», — деп билдирди ИИМдин басма сөз катчысы Эрнист Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Баладан кутулууну каалаган аял табылып, суракка алынган. Бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн анын көрсөтмөлөрү ачыкка чыгарыла элек.

Автор: Виктория Васильева

Редактор: Шахида Дүйшеева