Ысык-Көл облусунда КамАЗ менен «Хонда — Одиссей» үлгүсүндөгү унаалар катышкан кырсык беш кишинин өмүрүн алып кетти, алардын арасында тогуз жаштагы кыз бар болгон.
Беш кишинин өмүрүн алып кеткен унаа кырсыгы 6-февраль күнү түндө, Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында болгон.
Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнист Осмонбаевдин берген маалыматы боюнча, «Хонда» КамАз менен катуу кагылышкандан кийин оодарылып кеткен.
«Катуу соккудан улам “Хонда-Одиссейдин” терезесинен кыз учуп кетип, анын үстүнө жүк унаасы келип түшкөн», — деди Осмонбаев.
Анын айтымында, «Хонда — Одиссейдин» дагы төрт жүргүнчүсү ооруканга жаткырылган.
Алардын экөөсүнүн абалы «оор». КамАздын айдоочусу кандай абалда экендиги белгисиз.
Kloop.kgнин кабарчылары жабырлангандар менен байланыша алган жок.
ӨКМ каза болгондордун тизмесин жарыялады:
- - Кыдырова К. Ш. 1958-жылы туулган
- - Турусбекова С. 1957-жылы туулган
- - Садабаева К.А. 1978-жылы туулган
- - Токтосун кызы Нурхан. 2004-жылы туулган
- - Асылбек уулу Таалай. 1992-жылы туулган
Болжолдуу маалыматтар боюнча кырсыктын келип чыгуусуна «тумандуу тайгак жолдо»«Хонда» унаасынын катуу ылдамдыкта бара жаткандыгы себеп болгон.
Осмонбаев жеңил унаа «таш-талканы чыгып» талкалангандыгын, ал эми КамАЗ «көп деле жабырланбагандыгын» белгиледи.
Автор: Виктория Васильева
Редактор: Алексей Ким