Парламент Шоноевдин өлүмү боюнча кылмыштын бетин ачкан министрдин орун басарынын кызматтан кетишине «таңданып» жатат

IMG_0064_

Жогорку Кеңештин депутаттары полковник Толкунбек Шоноевдин өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин бетин ачкан ички иштер министринин орун басары Болот Абакировдун кызматтан кетишине «таң калып» жатышат. Эл өкүлдөрү бул маселени талкууга алып чыгууну көздөшүүдө.

Депутат Ахматбек Келдибеков полковник Шоноевдин өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин бетин ачкан министрдин орун басары Болот Абакировдин кызматтан кетирилишине таң калып жаткандыгын билдирди.

«Министрдин орун басары буйрутма оор кылмыштын бетин ачты, буга чейин мындай буйрутма кылмыштардын бети такыр эле ачылчу эмес. Эмне үчүн ага сыйлык берүүнүн ордуна кызматтан алып жатабыз?» — деп билдирди парламенттин профилдик комитетинин жыйынында Келдибеков.

Абакиров менен жакшы тааныш экендигин билдирген парламентарий Роман Шин Kloop.kgге берген маегинде министрдин орун басары аны кызматтан кетирүүгө себеп болуп бере тургандай «олуттуу» ката кетирбегендигин айтты.

«Мага жеткен маалыматтар боюнча, ички иштер министри [Шамиль Атаханов] аны [Абакировду] кармап калууга аракет кылган, бирок жогорку жактан кайсы бир күчтөр премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен байланышкан. Мен ал адам Алмазбек Атамбаев болгон деп ойлобойм», — деди Шин.

«Ар-Намыс» фракциясынан депутат Дастан Бекешев Kloop.kgге берген маегинде окуя боюнча өз версиясын билдирди — анын пикири боюнча, Абакировду ИИМдин ичиндеги «чыр» үчүн кызматтан кетиришкен.

Бирок парламентарий кайсыл «чыр» жөнүндө сөз болуп жаткандыгын тактап айткан жок.

Абакировдун өзү комментарий берүүдөн баш тартып жатат.

«Мен совет мезгилинде  чыңалып, бышкан кишимин. Министрден кийин эч нерсе айта албайм», — деди Абакиров Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө.

ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноевди 11-январь күнү кечинде Ош шаарындагы кичи райондордун биринде атып кетишкен.

Толкунбек Шоноевдин өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деген шек менен кармалгандардын бардыгы кылмыш кылгандыктарын моюндарына алышкан. Милиция чиновнигинин өтүрүлүшүнө шектелгендердин иши 8-февралда сотко берилет.

Автор: Виктория Васильева

Редактор: Шахида Дүйшеева