Мамлекеттик сатып алуулардагы алдымчылыктарды көзөмөлдөө мүмкүн эмес

IMG_9518

Kloop.kg мамлекеттик сатып алуулардагы мүмкүн болгон алдамчылыктарды zakupki.okmot.kg сайтынын жардамы менен көзөмөлгө алууга болобу-жокпу, текшерип көрүүгө аракет кылды.

Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденциянын президенттин иш башкармалыгы zakupki.okmot.kg сайтына кайсы бир суусундуктарды сатып алуу боюнча тендер жөнүндө маалымат жайгаштырган.

Шилтемени басып окусак, ал жерде кайсы бир суусундуктар канча бир көлөмдө керектиги жана билдирмелер 28-февралга чейин кабыл алынаарын жазылган.

Андан сырткары тиркелген дагы бир файл жайгаштырылган, бирок аны көчүрүп алуу үчүн сайттка катталуу талап кылынат экен.

Kloop.kgнин кабарчысы жабдып туруучу адам катары каттоодон өткөндөн кийин файлды көчүрүп ала алды, бирок анда эч кандай кеңири маалымат жок болуп чыкты.

Жарыяда Афтандил Урбаев аттуу адамдын байланыш телефондору көрсөтүлгөн. Kloop.kgнин кабарчысы өзүн жабдып туруучу компаниянын өкүлү катары тааныштырып, андан резиденцияга 25 миң сомго ширелер, минералдык суулар жана спирт ичимдиктери керек экендигин биле алды.

Урбаев кабарчынын электрондук дарегин сурап, тендердин документтери жөнүндө кеңирирээк маалымат жиберээрин айтып, убада берди. Бирок андан бери бир суткадан ашык убакыт өтсө да эч нерсе жибере элек. Учурда эми өтө пайдалуу келишимге катышууга уруксат берчү ал жашыруун тендер документин ким алгандыгы кызык болууда.

Мамлекеттик резиденциянын суусундуктар боюнча жарыялаган тендеринен башка биз карап көргөн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү башка жарыяларда да тендердин шарттары тууралуу кеңири маалымат жок болуп чыкты.

Тендердин документтери жеңүүчүлөр тууралуу жазылган жарыяларда да көрсөтүлбөйт.

Коррупция менен күрөшүү

Өткөн жылдын ноябрында Кыргызстандын каржы министри Ольга Лаврова 2013-жылдын 1-январынан тартып мамлекеттик мекемелердин сатып алуулары тууралуу бардык маалыматтар атайын ачыла турган сайтта жайгаштырылаарын билдирген.

«Мындай жол менен адам фактору толугу менен жоюлат. Бул мамлекеттик сатып алуулардын ачык-айкын өткөрүлүшүн камсыз кылып берет деген үмүттөбүз», — деп жазган анда «Кабар» маалымат агенттиги Лаврованын айткандарын.

Мамлекеттик сатып алуулардын сайтынын «Портал жөнүндө» деген бөлүмүндө анын негизги милдеттери жазылган, алардын арасында:

  • товарларды сатып алуу үчүн бюджеттик чыгымдарды азайтуу,
  • жабдып туруучулардын арасында бирдей атаандаштык шарттарды түзүү,
  • мамлекеттик сатып алуулардын процессинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу,
  • мамлекеттик сатып алуу процессиндеги мыйзам бузууларды азайтуу.

«Сайсаттын өнүгүү институту» коомдук бирикмесинин талдоочусу Бакыт Сатыбеков Kloop.kgге берген маегинде сайтка өзүнүн уюмун каттай албай койгондугун билдирди. Айтымында, анда коомдук бирикме же юридикалык тараптардын биримдиги сыяктуу менчик формалар алдын-ала караштырылган эмес.

«Салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру жок система каттабайт экен. А менин уюмум ТИМде эл аралык уюм катары катталгандыктан идентификациялык номуру жок. Демек мен да тендер тууралуу кеңири маалымат менен тааныша албайм», — деди ал.

Биз талдоочуга сайттагы Kloop.kgнин логини менен сыр сөзүн бердик, бирок Сатыбеков ал жерден да кеңири маалымат ала алган жок.

«Ал жерде тендердин документтери жок, сатып алыш керек окшойт. Анда бул эмнеге? Болгону жарыя үчүн элеби?», — деп суроо салды ал.

Кыргызстандын Каржы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуулардын ыкмалары жана анализи башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Мелис Акжигит уулу «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» учурдагы мыйзам сатып алып жаткан мекемелерди тендердин документтерин сайтка жайгаштырууга милдеттендирбей тургандыгын билдирди.

«Биз азыр баарын мажбурлай албайбыз. Эч ким жайгаштырбай эле [тендердин документтерин]. Уюмдарды тендердин документтерин жайгаштырууга милдеттендирүү боюнча өкмөт менен парламентке кайрылганбыз», — дейт Акжигит уулу.

Каржы министрлигинин кызматкери мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө жаңы мыйзам долбоору иштелип чыкканын айтты. Ага ылайык, тендерлер жөнүндөгү ар бир жарыя өз ичине салык төлөөчүлөрдүн акчасын мамлекет кайсыл жакка жумшаганы жаткандыгы тууралуу кеңири, бекер маалыматты камтыйт.

«Бизде аянтча иштеп жатат, а мыйзам жагынан бир аз жетишпей жатабыз», — деп даттанды Акжигит уулу.

Азыр тендердин документтерин сатып алуучу уюмдун өзү менен байланышып гана алса болот, деди ал.

Автор: Зарема Султанбекова

Редактор: Ринат Тухватшин