Бишкектен алыс эмес жерде атылган жолбун иттердин өлүктөрү айыл четинде чириген бойдон калууда

IMG_0064_

Өткөн жылдын декабрынын ортосунда - «жолбун» иттер Бишкекке жакын жайгашкан Сарбан айылынын жашоочуларынын малына «кол салгандан» кийин жергиликтүү бийлик аларды өлтүрүүгө буйрук берген. Айылдыктар бир айдан кийин Сарбандын четинен жыйырмадай жарым-жартылай чириген иттердин өлүктөрүн табышкан. Айыл өкмөт башчысы мергенчилер иттерди өрттөп, көмүп салгандыктарын айтып ишендирүүдө.

Бишкектен үч чакырым алыстыкта жайгашкан Сарбан айылындагы иттерди атууга айыл тургундарынын жергиликтүү бийликке кайрылуусу себеп болгон. Айылдыктар иттер малга кол салгандыгы боюнча даттанышкан.

Сарбандын жашоочуларынын бири Гүлмира Эгембердиева иттер анын койлоруна кол салып «кырып» кеткендигин айтып, даттанган.

«Иттер түнкү саат үчтө кол салышты. Биздикилер үйдөн чыкканча 12 баш койду өлтүрүүгө жетишишкен», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Эртеси Эгембердиеванын балдары айыл өкмөтүнө даттанып кайрылышкан.

Көп кечиктирбестен эле Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Кубатбек Дүйшөнов «жолбун» иттерди атуу боюнча мергенчилер менен келишим түзгөн.

Сарбанга жакын жайгашкан айыл мектептеринин биринин окуучусу Алмаз Жапаркулов мергенчилер «жолбун» иттерди гана атпастан үй иттерин да атып кеткендиктерин айтты — ал итин атып кеткендигин өз көзү менен көргөн.

«Итимди мен дүкөндөн келе жатканда атып, унаага салып кетишти. Өз көзүм менен көрдүм, унаанын артынан чуркап жетпей калдым», — деди Алмаз.

«Ал киши итти унаасынын артына чиркелген прицепке салды, анда буга чейин атылган иттер бар болчу. Муну көргөндөн кийин ал иттердин бардыгы тең ушундай жол менен атылгандыгы белгилүү болду», — деп улантты ал.

IMG_0064_

Алмаздын айтымында, ал итин атып, салып кеткен мергенчинин унаасынын кайсы үлгүдө экендигин эстеп калууга гана үлгүргөн.

«Анын колунда аңчынын куралы болгон. Ит үйгө чуркап баратканда атып салды. Мен ал кишини ичимен сөктүм. Албетте, ачуум келди. Жөнөкөй ит болчу, аты Бобик», — деди мектеп окуучусу.

«Жугуштуу оорулардын козгогучтарынын очогу»

Иттерди атуу буйругунан бир ай өткөн соң жергиликтүү тургундар Сарбан айылынын четинен жарым-жартылай чирип, сөөктөрү чыгып калган иттердин өлүктөрүн табышкан — мындай көрүнүш айылдыктарга жаккан эмес.

Суйир Чолунбаева өлгөн жандыктар «жугуштуу оорулардын козгогучтарынын очогу» болуп калышы мүмкүн деп чочулоодо.

«Бул түрдүү микробдор менен вирустардын очогу. [...] Ансыз деле бул жерде таштандылар бар. Күн жылыса эмне болот билбейм, анда өлгөн иттер да жатат [...] Курттар пайда болуп, билким бул жерге чейин да жетишет», — деди ал үрөйү учуп.

IMG_0064_

Анын бул пикири менен айылдын Бүбүсара Ажимудинова аттуу жашоочусу да макул. Ал көмүлбөгөн иттердин өлүктөрү түрдүү оорулардын таратуучусу болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Аларды топурак менен көмүш керек. [...] Бул деген түрдүү ооруларды жайылтуу да, мителер. Жаз, жай айлары келсе чымындар чогулуп, анан башка жерлерге барып конушат», — деди ал.

Дүйшөнов айылдаштарынын бул айткандарын четке кагууда. Анын айтымында, ит атаарлар жолбун иттердин өлүктөрүн өрттөп, көмүп салышкан.

«Мергенчилердин өзүнчө бир жайы бар, иттерди ошол жакка алып кетишкен. Кээ бирлерин өрттөп жиберишти, ал үчүн бизге соляркага деп акча да бөлүнгөн. Алардын аймагында калдыктарды сактоочу жай бар, иттерди ошол жакка көмүшкөн, ошондуктан мергенчилерди тартууга туура келген», — деди айыл өкмөт башчысы.

Ал Сарбандын четиндеги иттерди башка адамдар өлтүргөн болушу мүмкүн деп болжолдоп жатат.

«Алар [мергенчилер] иттерди башка жерге алып кетишкен. [Айылдын четиндеги иттерди] башка адамдар аткан болушу мүмкүн», — деди Дүйшөнов.

«Карышкырлар болгон болушу мүмкүн»

Үсөн Садыгалиевдин малы айбандардын кол салуусунан өлгөн, бирок ал бийликтегилерге жардам сурап кайрылган эмес.

Ал бул боюнча кимге кайрылуу керектигин, ошондой эле малына иттердин же карышкырлардын кол салгандыгын так билбегендиктен жардам сураган эмес.

Садыгалиев да башка сурамжыланган айылдаштарынын көпчүлүгүндөй эле иттердин көмүлбөй калышына терс көз карашта.

IMG_0064_

«Сасысачы? Советтер Союзу маалында да иттер атылган. Анда өлгөн иттерди башка жакка алып кетишчү. А азырчы, эмнеге мындай болуп жатат?» — деп суроо салды айыл тургуну.

Авторлор: Алексей Ким жана Ольга Барвинская