УКМК башчысынын орун басары «Ата-Журттун» лидерлерине каршы көрсөтмө берди

IMG_0064_

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Замир Сабаев оппозициялык  “Ата-Журт” партиясынын кармалган лидерлери 2012-жылдын 3-октябрында мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылышкандыгын айтып көрсөтмө берди. Биринчи май райондук сотунда бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан деп айыпталып жаткан дептуттардын иши боюнча жетинчи отурум болду.

Сабаев кармалган депутаттардын — Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдордун - ар бирине тең дооматтары бар экендигин билдирди.

УКМКнын башчысынын орун басарынын пикиринде, Ташиев менен Мамытов 2012-жылдын 3-октябрындагы «Кумтөрдү» улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митингтин жүрүшүндө бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан.

«Ташиев өзүнүн жигиттерин үндөп, Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн», — деди Сабаев сот жыйынында.

Комитет төрагасынын орун басары Жапаровду Ак үйдүн имаратында тапанча алып жүргөн деп гана айыптап жатат — Сабаевдин пикиринде, ал жерде күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери гана курал алып жүрүүгө укуктуу.

Сабаев анда оппозиционерлер төңкөрүш жасоого даярдангандыктары тууралуу ыкчам маалымат болгондугун жана ал жөнүндө ошол мезгилдеги УКМКнын төрагасы Шамиль Атахановго билдиргендигин айтты.

Жактоочу тарап Сабаевдин көрсөтмөсүнүн тууралыгынан, ошондой эле анын жеке “адекваттуулугунан” шектенип жатат.

Анткени тергөөнүн жүрүшүндө УКМК башчысынын орун басары митингчилердин колдорундагы союлдар менен оролгон зымдарды өз көзү менен көргөндүгүн айтып жаткан. Ал эми сот жыйынында кол алдында иштегендерге шитеме жасап баштады.

Судья Адылбек Субанкулов жактоочу тараптын Сабаевге психо-психиатралдык экспертиза жүргүзүү жөнүндөгү өтүнүчүн канаттандырган жок.

Судья отурумдун экинчи бөлүгүндө УКМКнын митинг учурунда жабыр тарткан кызматкерлери менен милиционерлердин көрсөтмөлөрүн укту — алар депутаттарга эч кандай дооматтары жок экендиктерин айтышты.

Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов 3-октябрда кармалган башка адамдардын тагдырлары тууралуу Бишкектин милициясы, соту жана прокуратурасынан маалыматтарды чогултууну өтүндү.

«Тосмодон ондогон адамдар ашып өтүшкөн, а эмнеге аларды «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» дебей «бейбаштык» үчүн жоопкерчиликке тартып жатышат? », — деп сурады иш боюнча айыпталып жаткан генерал-майор Кубатбек Кожоналиев соттон.

Судья бул өтүнүчтү канааттандырды.

Процесстин катышуучулары митингчилердин колдорунан таштарды, союлдарды жана оролгон зымдарды көрбөгөндүктөрүн айткан Улуттук гвардиянын аскерлеринин көрсөтмөлөрүн угушту.

Соттун буга чейинки жыйындарындай эле сот имаратынын алдына депутаттардын 100дөй тарапташы чогулду. Алар: «Ташиевге, Мамытовго, Жапаровго эркиндик!» деп кыйкырышты.

Буга чейинки отурумдарда сот үч саясатчы менен генерал-майор Кубатбек Кожоналиевди, ошондой эле Ташиевдин сакчыларын суракка алууга жетишкен.

«Ата-Журттун» депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор 2012-жылдын 3-октябрындагы «Кумтөрдү» улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митинг маалында «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» деп айыпталып жатышат.

Саясатчылар айыптоолорду моюндарына албай, анда бийликти кулатуу чакырыктары болбогондугун билдирип жатышат.

Автор: Зарема Султанбекова