«24.kg» менен депутаттын ортосундагы сот: Ишти кароо убактылуу токтотулду

IMG_9518

Депутат Ирина Карамушкина «24.kg» маалымат агенттигинин сайтына чыккан макаладан кийин аны менен соттошуп жатат. Анда өткөн жылдын башында депутаттын айдоочусу эки жөө адамды сүзүп кеткен учурда парламентарий унаанын ичинде болгондугу тууралуу жазылган. Депутат бул маалыматты четке кагып жатат. Жогорку сот депутаттын айдоочусуна карата өкүм чыгарылганга чейин ишти кароону токтото туруу чечимин чыгарды.

Карамушкина «24.kg» агенттигинен «кордолгон ар-намысы» үчүн 5 миллион сом талап кылып жатат — буга айдоочусу эки жөө адамды сүзүп кеткен маалда депутат унаанын ичинде болгондугу тууралуу жазылган макала себеп болгон. Анда жөө адамдын бири каза болгон.

Жогорку сот Чүй облусунун Чүй райондук соту депутаттын айдоочусу Алексей Хурасаевге карата чечим чыгарганга чейин ишти кароодон баш тартты, деди Kloop.kgге «24.kgнин» жактоочусу Ксения Бойко.

«Эгер ал [Карамушкина] соттошкондон тажабай, талаптарынын негизсиз экенине көзү жетпесе соттор уланышы мүмкүн», — дейт Бойко.

Макаланын автору Махинур Ниязова өзүнүн «Твиттерине»: «Кантсе да 11 саны менин бактылуу саным. Жогорку сот Карамушкинанын өтүнүчүн канааттандырган жок. "Бул чечим биротоло чыгарылган чечим жана кайра даттанууга жатпайт!» деп жазган.

Буга чейин Свердлов райондук соту менен Бишкек шаардык соту да ишти кароону Хурасевге өкүм чыгарууга чейин жылдырышкан.

Kloop.kg Карамушкина менен байланыша алган жок.

«Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы депутаттын «судьялардан көңүлү калгандыгын» жазды.

«Соттор адилеттүү чечим чыгарууга жөндөмсүз», — деп жазган «Вечерний Бишкек» Карамушкинанын айткандарын.

Адам өмүрүн алып кеткен жол кырсыгынан кийин парламентарий каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө көңүл айткан.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт парламенттин сайтынан алынды