Бишкек: Түркия жараны 19 миң «жасалма» АКШ доллары менен кармалды [+видео]

Баңгизатын мыйзамсыз пайдаланууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Түркия жаранынан 19 миң «жасалма» АКШ долларын алышты. Милиция учурда кылмыштын башка катышуучуларын издеп жатат.

 


Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев акча Түркия жаранынын унаасынан табылгандыгын айтты.

«Унаа токтотулган, аны текшерүү маалында ичинен ар бири100 долларлык 198 купюра табылган», – деп билдирди Осмонбаев.

Ал эксперттик-криминалисттик экспертиза табылган акчалардын «жасалма» экендигин көрсөттү деди.

Осмонбаев билдиргендей, учурда кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камакта.

Ал Түркиянын жаранына карата «жасалма акчаларды даярдоо, сактоо жана колдонуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун айтты.

Комментарий алуу үчүн кармалган адамдын жактоочусу жеткиликсиз болуп чыкты.

Басма сөз кызматынын кызматкери кошумчалагандай, Биринчи май райондук соту тергөө аяктаганга чейин кармалган адамды камакка алуу чечимин чыгарган.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Видео ИИМдин сайтынан алынды

gre essay topics