«Ротафарм» компаниясына тиешелүү «Репретин» дарысынын «зыяндуулугу» тууралуу нефролог-дарыгерлердин чыгарган корутундусу ал дарыларды даярдаган тараптын сотко беришине алып келди. Изилдөөчүлөрдүн бири Динара Айыпова компания өкүлдөрү анын артынан «аңдып жаткандыктарын» айтып, даттанууда.
Журналисттер менен болгон жолугушусунда фармакологиялык «Ротафарм» компаниясы алардын дары-дармектеринин «зыяндуу» таасири тууралуу билдирген дарыгерлерди сотко берээрин айтты.
Кыргызстанга «Репретин» дарысын «Ротафарм» компаниясы алып келет, ал бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркагандарга жардам берет.
Дарыгерлердин билдирүүлөрү боюнча «Репретин» гемоглобиндин деңгээлин жогорулатпайт, тескерисинче «оорулуунун абалын начарлатат».
«Ротафармдын» Кыргызстандагы өкүлү Ильхам Гусейнов алардын дары-дармектерин изилдөөгө алган дарыгерлер атаандаш-фирма тараптан жалданган, ошондуктан чыгарган корутундуларында дарылардын «зыяндуулугу» тууралуу айтылган деп эсептейт.
«Мен муну кызыкдар адамдардын кыргыз рыногунан «Репретинди» четтетүүгө аракет кылып жаткандыгы менен байланыштырып жатам», — деди Гусейнов. Ал атаандаш-фирманын атын атоодон баш тартты.
«Коркутуулар жана аңдуу»
Өткөн жылдын жазында дары-дармектерге тест жүргүзгөн нефролог Динара Айыпова Kloop.kgге берген маегинде дарыгерлер Саламаттык сактоо министрлигинен изилдөө жүргүзүү боюнча буйрук алаары менен өзүн Ильхам Гусейнов деп тааныштырган бир адам телефон чалып, коркутуп баштагандыгын айтты.
Анын айтымында, ал дары-дармектерге тест жүргүзгөндөн бери компания өкүлдөрү тарабынан ага «коркутуп-үркүтүүлөр» болуп келет. Ал артынан «дайыма аңдуулардын» болуп жатышы мүмкүндүгүн айтып, шектенип жаткандыгын билдирди.
Айыпова «Ротафарм» «болгон күчүн жумшап», бейтаптарга алардын фирмасынын дарыларын жазып бериши үчүн дарыгерлерге таасирин тийгизип жаткандыгын айтты.
Гусейнов бул айыптоолордун бардыгын четке кагып, компания андай иштер менен алектенбейт деп билдирди.
Автор: Алексей Ким