Сот депутаттардын айылык маяналары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга биротоло тыюу салды

IMG_9518

Жогорку сот дээрлик бир жылдан бери акча төлөмдөрү тууралуу маалыматты жашырууга аракет кылып келген Жогорку Кеңештин аппаратынын талаптарына таянып, парламентарийлердин айлык маяналары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салды. Укук коргоочулар чечим чыгарган судьяларды «сатып алган» болуулары мүмкүн деп эсептеп жатышат.

Жогорку Кеңештин аппараты укук коргоочулар менен болгон соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында жеңишке жетти — Жогорку сот парламентарийлердин айлык акылары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга биротоло тыюу салды.

Бир жылдан бери депутаттардын айлык маяналарынын ачыкка чыгарылуусу үчүн күрөшүп келген «Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов судьянын тыюу салуу чечимине «ыраазы» болгон жок.

Ал Жогорку соттун мындай чечим чыгарышына Жогорку Кеңештин аппараты өз таасирин тийгизди деп эсептейт. Токтакуновдун пикиринде, парламент аппараты тыюу салуу жөнүндөгү чечим чыгарган судьяларды «сатып алган».

«Депутаттардын бардыгы тең ал маалымат ачык болушу керек деп айтып жатышса да Жогорку Кеңештин аппараты өз каалаганына жетти. Менин оюмча, алар коррупциялык ыкмаларды колдонушту. Алар бул чечим үчүн акча төлөшкөн болуш керек», — деп болжолдоду юрист.

Токтакуновдун пикиринде, Жогорку Кеңештин аппараты бул чечим үчүн аталаган мамлекеттик органда «каржы алдамчылыктары» бар болгондуктан күрөшүп жатат. Бирок ал кайсы алдамчылыктар жөнүндө сөз болуп жаткандыгын тактап айткан жок.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» укук коргоо борборунун кызматкери Азамат Адилов айлык маяналарды ачыкка чыгаруу боюнча сурам жөнөтөөрүн, бирок уюмдун атынан эмес, жеке өзүнүн атынан бере тургандыгын айтты.

«Өзүмдүн атыман сурам жиберип, мындан ары да маалыматты [депутаттардын айлыктары жөнүндөгү] талап кыла берем », — деди укук коргоочу.

Жогорку соттун басма сөз кызматы комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

Жогорку Кеңештин аппаратынын соттук-укуктук маселелер боюнча комитетинин өкүлү депутаттардын айлык маяналары жөнүндөгү маалыматтын ачыкка чыгарылышына тыюу салуу жөнүндөгү соттун чечими боюнча комментарий бере албастыгын билдирди. Айтымында, азырынча аларга Жогорку соттун чечими келип түшө элек.

Бул боюнча комментарий алуу үчүн парламенттин юридикалык бөлүмү да жеткиликсиз болууда.

Буга чейин парламенттин өкүлү Эрнис Бакиев Kloop.kgге берген маегинде депутаттардын айлыктары тууралуу маалымат «кызматтык колдонуу үчүн» экенин жана коомчулукка жарыялоого тийиш эмес экендигин билдирген.

Депутаттардын айлык маяналары тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруу боюнча соттук териштирүүлөр өткөн жылдын жаз айларынан бери болуп келген.

Авторлор: Александра Ли жана Эльдияр Арыкбаев