Бишкекте жогорку окуу жайдын ректору пара менен кармалды

IMG_0064_

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ыкчам кызматкерлери тарабынан Социалдык өнүктүрүү жана ишкерлик институтунун ректору Рыскелди Табышев пара алып жаткан жеринен кармалды.

Жогорку окуу жайынын ректору 12-февралда кармалды. УКМК таркаткан маалыматка ылайык, Табышев мамлекеттик экзаменден ийгиликтүү өткөрүү үчүн студенттеринен акча «талап кылган».

«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 18 миң сом пара алып жаткан жеринен Бишкектеги Социалдык өнүктүрүү жана ишкерлик институтунун ректору Р.Табышев колго түштү», — деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Ага карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана пара талап кылуу беренелери боюнча эки кылмыш иши козголду.

Аты-жөнүн айтуудан баш тарткан УКМКнын басма сөз кызматынын кызматкери Kloop.kgге берген маегинде атайын кызматтагылар жогорку окуу жайлардагы пара алууларга кылдат көзөмөл жүргүзүүнү көздөп жаткандыктарын билдирди.

«Биз коррупцияга каршы иштерди күчөтөбүз. Бул ректорлорго гана эмес, жогорку окуу жайларынын башка кызматкерлерине да тиешелүү», — деди басма сөз кызматынын кызматкери.

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Керек Жукеева Kloop.kgге берген маегинде УКМК тараптан пара алуу фактылары боюнча расмий кат келсе окуу жайдын ректору убактылуу кызматынан бошотулушу мүмкүн деп билдирди.

Ал эгер сот Табышевди пара алууга күнөлүү деп тапса, анда ректор мындан ары билим берүү тармагында иштей албай калаарын кошумчалады.

«Бирок эгерде бул факт аныкталбаса, ал кайрадан кызматына дайындалат», — деди Жукеева.

Табышев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Комментарий алуу үчүн Социалдык өнүктүрүү жана ишкерлик институтунун жетекчилиги жеткиликсиз болууда.

Автор: Азат Рузиев