Курманбек Бакиев 24 жылга, Жаныш Бакиев өмүр бою эркинен ажыратылды

IMG_0064_

Бишкек гарнизонунун Аскер соту 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин бийликтен кеткен Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга, анын бир тууганы - Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Сот Курманбек Бакиевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу ишинин эки эпизоду боюнча тең күнөөлүү деп тапты.

Мурунку президент алардын ар бири үчүн үй-мүлкүнөн ажыратылуу менен 12 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылды. Анын камактагы жалпы мөөнөтү 24 жылды түздү.

Сот Жаныш Бакиевди кайсы беренелер боюнча күнөөлүү деп тапты:

  • Адам өлтүрүү
  • Кыйноого алуу
  • Адам уурдоо
  • Уюшкан кылмыштуу топ түзүү
  • Каза болгон адамдардын денелерин мазактоо.

Өзгөчө оор кылмыш кылгандыгы үчүн сот Жаныш Бакиевди «генерал-лейтенант» деген аскер наамынан ажыратты.

Бакиевдердин жактоочусу Гүлнара Турдумамбетова комментарий берүүдөн баш тартты.

Комментарий алуу үчүн жабырлануучу тараптын өкүлү Леонид Лужанский жеткиликсиз болууда.

Юрист Кубанычбек Ташбалтаев Бакиевдерге карата өкүм чыгарылганы менен Белоруссия аларды өткөрүп бербейт деп эсептейт.

«Адамга карата айыпталуучу өкүм чыгарылгандан кийин аны өткөрүп берүү маселеси эч качан турбайт», – деди Ташбалтаев.

Юристтин айтымында, өткөрүп берүү маселесин кароодо эң алгачкылардан болуп төмөнкү факторлоргө көңүл бурулат:

  • сот тарабынан кылмыш ишинин объективдүү каралышы;
  • прокуратура тарабынан коюлган айыптардын объективдүүлүгү;
  • өлкөдө адам укуктарынын бузулушунун мүмкүндүгү;
  • Кыргызстандын тигил же бул эл аралык пактка кошулуусу.

«Мамлекет өз мыйзамын эл аралык милдеттенмелерине ылайыкташтырмайынча өткөрүп алуу тууралуу сөз болбойт», – дейт Ташбалтаев.

Курманбек жана Жаныш Бакиевдер 2010-жылдагы апрель революциясынан бери издөөдө.

Курманбек Бакиев Белоруссияга качып кетип, ал өлкөнүн жарандыгын алган.

Жакынкы күндөргө чейин президенттин бир тууганынын кайсыл жерде экендиги белгисиз болуп келген. 2012-жылдын август айында Жаныш Бакиев да Белоруссияда жүргөндүгү аныкталган.

Белоруссия бийлиги Бакиевдерди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып жатат.

Авторлор: Александра Ли жана Эльдияр Арыкбаев