Төмөнкү класстын окуучулары бири-бирине баа коюшат

sheep

Билим берүү министрлиги төмөнкү класстын окуучуларынын билимин баалоодо жаңы система киргизгени жатат. Ага ылайык, окуучулар бири-биринин билим деңгээлдерин текшергенден кийин же каталардын үстүнөн иштегенден кийин баа алышат. Мугалимдер бул жаңы эрежеге ар түрдүү көз караштарын билдирип жатышат.

Билим берүү министринин орун басары Догдуркүл Кендирбаева билим деңгээлин аныктоодогу жаңы системанын киргизилиши менен окуучулар өз каталарынын үстүнөн иштеп, анын натыйжасында алардын билиминин сапаты «жогорулайт» деп эсептейт.

«Окуучунун дептеринде кызыл сызык менен бөлүнгөн талаа бар. Буга чейин биз балага тандоо укугу жок эле дароо эки, үч же беш деген бааларды койчубуз. Эми биз окуучу ката кетирген жерге дароо тууру эмес деген белги коебуз», — деди Кендирбаева Kloop.kgге берген маегинде.

Окуучу мугалим тарабынан текшерилип, белги коюлган дептерди алган соң каталардын үстүнөн иштейт да аны кайра тапшырат.

Ал балдарга баа коюууда классташтарынын тапшырмаларын текшерген мектеп окуучулары да катышаарын кошумчалады.

«Баа алып жаткан окуучунун классташтары да ага баа коюууда катышышат», — деди министрдин орун басары.

Каракол шаарындагы №11 гимназиянын мугалими  Назгүл Турсунбаева мектеп окуучулары өз классташтарына баа койбошу керек деп эсептейт.

«Менин оюмча, бул өтө жакшы эмес идея, анткени класста окуучулардын достору бар. Кимдир бирөө өзүнүн досуна жакшы баа койгусу келет. Ал [досу] мугалимдей туура баалай албайт, анткени мугалимдин билими жогору да», — дейт Турсунбаева.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген Каракол шаарындагы гимназиянын дагы бир мугалими  мындай системаны кабыл алууга болот деп эсептейт.

«Муну кабыл алса болот, бирок бардык этаптарда жана ар дайым эмес. Мында, балдар дептерлерди же башка иштерди текшерип жатканда баалоонун туура критерийлери керек», — деди мугалим.

Автор: Мария Гребнева