«Атамекенчилер» «талоончулук» боюнча айыптоолорго каршы митинг өткөрүштү

IMG_0064_

13-февраль күнү оппозициялык «Ата Мекен» партиясынын тарапташтары лидери Өмүрбек Текебаевдин «талап-тоноочулукка» айыпталышына каршы парламент имаратынын алдына митинг өткөрүштү. Митинг тынч өтүп, катышуучулардын бардыгы таркап кетишти.

13-февраль күнү эртең менен «Ата Мекен» партиясынын желегин көтөргөн митинг катышуучулары парламент имаратынын маңдайындагы Чүй проспектисинин бир бөлүгүн тосуп алышкан.

«Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Валентина Иванова Kloop.kgге берген маегинде митинг катышуучулары Кыргызстандын бийлигин Өмүрбек Текебаевди талап-тоноочулукка айыптабоого көндүрүү үчүн аянтка чыккандыктарын билдирди.

Нааразычылык акциясынын жүрүшүндө сөз сүйлөп жатып «Ата Мекендин» лидери 2010-жылдагы апрель революциясы маалында болгон талап-тоноочулукка эч кандай тиешеси жоктугун айтты.

«Талап-тоноочулар – бул Бакиев жана Акаев учурунда иштегендер», – деп билдирди митингтин жүрүшүндө «Ата Мекендин» лидери.

Ал учурдагы парламентте Кыргызстандын мурунку президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин иштерин улантуучулар отургандыгын айтты.

«А азыркы өкмөттө кимдер калды? Акаевдин уулунун досу, бакиевчилер, бабановчулар. Алардын бардыгы тең өкмөттө калышты. “Ата Мекен” туура жол менен өтүүгө аракет кылып жатат, а алар болсо – башка жолдор менен», – деп эсептейт Текебаев.

Аны «Республика» партиясынын мурунку мүчөсү жана парламенттин таркап кеткен  «Биримдик» коалициясынын экс-лидери Канат Исаев да колдоду.

«Бакиевди жок кылган адамдар кантип талап-тоноочулукка барсын? Талап-тоноого эл эч качан барбайт, акаевчил адамдар барат [...] «Ата Мекендин» лидерлерине карата талоончулук боюнча эч кандай айыптоо өкүмү болгон эмес», — деди Исаев.

«Ата Мекен» партиясынан депутат Наталья Никитенко бийликтегилер теле аркылуу алардын партиясы жөнүндө «туура эмес» видео көрсөтүп жаткандыгын айтты.

«Теле аркылуу бир тараптуу маалымат берилип, саясий териштирүүлөрдүн максатында бурмаланууда. Тергөө органдары жасалма иштеп жатат», – деди ал.

Никитенко «Ата Мекендин» депутаттарынын ишин иликтеген комиссиянын жыйынтыгы менен макул эмес экендигин кошумчалады.

Митинг 13-февраль күнү күндүз эле аяктады. Анын катышуучулары тарап, жол ачылды.

Бишкек мэриясы митинг болгон аянтты тазалоо үчүн кете турган расмий эсепти акциянын уюштуруучуларына жөнөтөт.

«Бул шаардагы жашоонун чегинде болуп жаткандыктан уюштуруучулар аракеттери үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алып, тазалашы керек. Алар митинг, чогулуш өткөрүштү, анан биздин кызматтар алардын артынан тазалаш керекпи», — деди басма сөз кызматынын жетекчиси Чынара Усупбаева.

2012-жылдын ортосунда «Республика» партиясы «Ата Мекендин» мүчөлөрүн апрель революциясы маалындагы талап-тоноочулукка айыптаган. Жыйынтыгында өткөн жылдын августунун аягында парламенттик көпчүлүк коалициясы таркап кеткен.

2012-жылдын аягында негизги күбөлөрдүн бири Абдулла Юсуповдун берген көрсөтмөлөрү аныкталбагандыктан тергөө убактылуу токтотулган.

Автор: Александра Ли