Депутаттардын пикирлери: «Талап-тоноочулукка» «Ата Мекендин» лидерлеринин тиешеси барбы?

IMG_0064_

Kloop.kg «Ата Мекендин» депутаттарынын 2010-жылдагы апрель революциясы болгон күнкү «талап-тоноочулукка» тиешелери бар-жоктугу боюнча ар башка фракциялардын депутаттарынын пикирин сурап көрдү.

Текебаев жана «Ата Мекендин» башка бир нече лидерлери 2010-жылдагы апрель революциясы маалындагы талап-тоноочулукка тиешеси бар деп шектелип жатышат.

2012-жылдын ортосунда «Республика» партиясы «Ата Мекендин» мүчөлөрүн апрель революциясы маалындагы талоончулукка айыптап, алардын күнөлүү экендигинин далили катары сот жообуна тартылган Абдулла Юсуповдун көрсөтмөсү бар видеону көрсөтүшкөн. Анын жыйынтыгында августун аягында парламенттик көпчүлүк коалициясы таркап кеткен.

2012-жылдын аягында негизги күбөлөрдүн бири Абдулла Юсуповдун берген көрсөтмөлөрү аныкталбагандыктан тергөө убактылуу токтотулган.

Парламентарийлердин пикирлери:

Нарынбек Молдобаев, «Ата-Журт»:  IMG_0064_Бул иште «Ата Мекен» партиясынын талоончу катары күнөөсү барбы-жокпу баа берип айта албайм, анткени мен ага катышкан да, көргөн да эмесмин. Тергөөнүн жыйынтыктары алардын катышкандыгы жөнүндө конкреттүү фактыларды берген жок, ошондуктан далилсиз айтуу – мен тараптан туура эмес болуп калат.

Назарали Арипов, «Республика»: Мен эч нерсе айта албайм, учурда бул иш боюнча парламентте угуулар болуп жатат. Тергөө иштери аяктагандан кийин алар күнөөлүү болушса, албетте кылмыш ишин козгоо керек.

Мамытбай Салымбеков, КСДП: IMG_0064_Бул иш боюнча парламентте эки күндөн бери угуулар болуп жатат. Күнөөлүүбү [«атамекенчилер»] же күнөөлүү эмеспи, катышуучуларбы алар же катышуучулар эмеспи айта албайм. Депутаттардын көпчүлүгү алардын күнөөсү барбы-жокпу укук коргоо органдары аныкташ керек деген пикирде болуп жатышат.

Алар биздин дооматтарыбызды толугу менен текшерип чыгып, күнөөлүүбү же жокпу айтышы керек. Эгер алар күнөөлүү болушса укук коргоо органдарынын ишти сотко чейин жеткирүүлөрү зарыл. Эгер күнөөлү эмес болушса алар бизге «ооба, алар күнөөлүү эмес» деп айтуулары керек.

Дүйнө жүзү боюнча талоончулукка тиешеси бар адамдар ордунда атылат. Эгер күнөөлүү болушса биз дагы жоопко тартышыбыз керек.

Нурлан Торобеков, «Ар-Намыс»: Иликтөө комиссиясынын айткандарын угуш керек. Анан гана бирдеме аныкталат.

Азырынча отчет гана жүрүп жатат. «Ата Мекен» жана башка партиялар менен адамдарга тиешелүү депутаттардын суроолорун угуп чыккандан кийин гана айтабыз. Азырынча бир нерсе айтууга эрте.

Роман Шин, партиясыз депутат: IMG_0064_Эгер күнөөсү далилденбесе, демек эч ким эч нерсеге күнөөлүү эмес деп эсептейм. Парламент өзүнө прокуратуранын же ИИМдин функцияларын алууга укугу жок. Парламент жасап жаткан нерсенин бардыгында саясий жашыруун сыр бар.

Ошондуктан депутаттар укук коргоо органдары карасын деп добуш берип туура кылышты деп ойлойм. Ошондуктан бул жагынан мен «Ата Мекен» партиясын колдодум.

Эгер күнөөлүү болушса бардыгын тең кылмыш жообуна тартыш керек. Күнөөлөрү бар болсо, алардын күнөөлүү экендигин далилдөө зарыл, а далилдер жок да. А эгер алардын күнөлүү экендиги далилденбесе кантип жоопко тартууга болот. Алгач далилдегиле.

Автор: Виктория Васильева

Сүрөт парламенттин сайтынан алынды