Күрөш 2020-жылдагы олимпиада оюндарынын программасынан чыгарылышы мүмкүн

IMG_0064_

 

Эл аралык олимпиада комитети 2020-жылда өтө турган олимпиаданын болжолдуу программасына күрөштү киргизген жок. Кыргызстандын күрөш федерациясы комитеттин бул чечимин адилетсиз деп эсептейт.

Би-Би-Синин орус кызматынын билдиргени боюнча, Эл аралык олимпиада комитети күрөштү мелдештин болжолдуу программасына кирген спорттун түрлөрүнүн тизмесине кошкон эмес.

Күрөш кошумча дагы бир бош орунга ат салыша турган спорттун сегиз түрүнөн турган тизмеге кигизилген.

Ал бош орунга күрөш менен бирге бейсбол/софтбол, каратэ, ролик спорту жана ушу сыяктуу спорттун түрлөрүнүн бири гана тандалып алынат.

Спорттун бул түрлөрүнүн федерация өкүлдөрү өз мүмкүнчүлүктөрүн 2013-жылдын май айында Санкт-Петербургда өтө турган аткаруу комитетинин жыйынында көрсөтүшөт. 2020-жылдагы олимпиада оюндарынын программасы боюнча акыркы чечим сентябрь айында - Эл аралык олимпиада комитетинин Буэнос-Айрестеги 125-сессиясында добуш берүү аркылуу кабыл алынат.

Эл аралык олимпиада комитети күрөштү Олимпиадалык оюндардын болжолдуу программасына кошпой койгондугунун себебин тактап билдирген жок.

«Биздин максат — олимпиаданын программасын жаңылоо. Ошондуктан күрөштү чыгарып салуу ылайыктуу болот деп чечтик», – деп жазган «Советский спорт» интернет-басылмасы Эл аралык олимпиада комитетинин өкүлүнүн айтканын.

Кыргызстандын күрөш федерациясынын башкы катчысы Адинай Кинелова күрөштүн Олимпиада оюндарынын программасынан чыгарылышына терс көз карашта.

«Күрөштү жөндөн-жөн эле алып салуу – бул баары үчүн өтө чукул жана ырайымсыздык болуп калат. Азия өлкөлөрүндө балдар жаш кезинен эле күрөш менен машыгып башташат. Эгер күрөштү спорттун түрү катары алып салышса бардыгы үчүн өтө аянычтуу болот», — деди Кинелова Kloop.kgге берген маегинде.

Күрөш федерациясынын башкы катчысынын айтымында, дүйнө жүзү боюнча федерациялар биригип Эл аралык олимпиада комитетинин күрөштү оюндардын болжолдуу программасына киргизишин каалап, аны көндүрүүгө аракет кылып жатышат.

«Учурда дүйнөнүн бардык өлкөлөрү биригип жатат. Эл аралык олимпиада комитетине кат жаздык. Биз италиялык жана франциялык федерациялар менен биригип жатабыз. Азиялык жана европалык бөлүктөр кол топтоп жатышат», — деди ал.

Кинелова февраль айынын аягында дүйнө жүзүндөгү бардык күрөш федерацияларынын чогулушу болоорун кошумчалады.

«Ал шашылыш кеңешме болот. Ага спорттун түрү катары күрөштүн тарыхы жана балбандардын жетишкендиктери тууралуу маалыматтар даярдалып жатат. Өтө катуу даярдык көрүлүүдө», — деди ал.

Күрөш – Кыргызстандагы популярдуу спорт түрлөрүнүн бири. Анын өлкөдө эң көп жайылган түрү катары грек-рим жана эркин күрөштөрү эсептелинет.

Кыргызстандын үч гана олимпиадалык медалы бар, алардын экөөсүн күрөш боюнча 2008-жылы Пекинде өткөн олимпиада оюндарында жеңип алышкан.

Автор: Мария Гребнева