Бакир уулу «кол көтөргөн» журналист аны сотко берет

Нурсулуу

«Общественный рейтинг» гезитинин кабарчысы ага мурунку акыйкатчы, учурдагы парламенттин депутаты Турсунбай Бакир уулу кол көтөргүндүгүн билдирди. Депутат журналистти урган эмесмин деп айтып жатат. КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина экс-акыйкатчы гезиттин кызматкерин «бетке» «ургандыгын» билдирүүдө.

«Общественный рейтинг» гезитинин кабарчысы Эрик Исраилов Kloop.kgге берген маегинде учурда ал юристтер менен кеңешип, депутатты сотко берүүгө даярданып жаткандыгын билдирди.

«Мен фракция лидери менен жолуксам болмок, анткени Феликс [Кулов] Шершенбаевич эгер арыз келип түшсө депутатка карата чара колдоно тургандыктарын айткан. Мен андай арызды берем», — деди Исраилов.

Журналист анын денеси олуттуу деле зыянга учурабагандыгын кошумчалады.

«Ал мени Карамушкинанын көзүнчө, биз иш бөлмөдөн чыгып баратканда урду», — деди ал.

Бакир уулу Kloop.kgге берген маегинде журналистке кол көтөрбөгөндүгүн, жөн гана колунан алып диванга отургузгандыгын билдирди. Окуя февралдын башында депутаттын иш бөлмөсүндө болгон.

«Эгер ага кол көтөрсөм эмнеге дароо эле ошол күнү ооруканага кайрылып, дарыгерлердин көрсөтмөсүн алып төрагага барган жок», — деди депутат.

Ал журналистке кол көтөргөндүгү тууралуу айтылган окуяны — «чагымчылдык» деп эсептейт.

«Эгер таланты жок журналист мындай жол менен өзүн тааныткысы келип жатса кудай өзү калыс. Эгер ал жакшы ниети менен келсе эмне үчүн менден өткөрмө кагаз сурабай туруп Ак үйгө кирет. Ал чагымчылдыкты алдын ала даярдаган», — деди депутат.

«Бетке урган»

Окуяга күбө болгон Социал-демократтар фракциясынан депутат Ирина Карамушкина Kloop.kgге берген маегинде Бакир уулу Исраиловду жаакка «ургандыгын» тастыктады.

«Биз чыгып баратканда Эрик ага: “акыйкатчы болуп тандалбагандыгыңыз жакшы болуптур”, деди. Анан Турсунбай Эрикке асылып аны диванга отургузуп бетке урду», — деп билдирди Карамушкина.

Анын айтымында, Бакир уулу журналистти дагы бир нече жолу урууга аракет кылган.

Макалдан улам чыккан талаш-тартыш

Журналист менен депутаттын ортосундагы талаш-тартыш Бакир уулунун «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазган кыргыз тилиндеги макалынан улам келип чыккан.

Макал Карамушкинанын "аскер кызматкерлери орус тилин билбейт, сүйлөшүүгө кыйын болуп жатат", деп даттангандыгына жооп катары жазылган.

Исраилов «Жаман үйдө конок бийлейт» деген ал макалды Карамушкинага которуп берген.

Бул чыр Бакир уулунун иш бөлмөсүнө журналист менен депутат кирип, эмнеге ал Карамушкинаны «конок» деп эсептээрин билүүгө аракет кылышканда пайда болгон.

Бакир уулу Kloop.kgге берген маегинде макалдын Карамушкинага эч тиешеси жоктугун жана аны «конок» деп эсептебей тургандыгын билдирди.

Анын айтымында, макал аскер кызматкерлеринин ортосундагы баарлашууга карата айтылган. Депутат андагы буйруктардын жалаң кыргыз тилинде берилишин нормалдуу деп эсептейт.

«Эгер биз өзүбүздүн мамлекеттик тилибизди армияда беките албасак, анда начар кожоюндарды сынга алыш керек», — деди депутат.

«Ар-Намыс» фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу 2005-2007-жылдардын аралыгында акыйкатчы кызматын ээлеп турган.

2012-жылдын аягында ал кайрадан акыйкатчылыкка талапкерлигин коюп, өтпөй калган. Анда мамлекеттик укук коргоочу болуп учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун шайланган.

Автор: Мария Гребнева